Menu

ТүркПАга мүчө өлкөлөрдүн парламент жетекчилери “Ата-Бейитке”гүлчамбар коюшту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 8-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) 7-пленардык отурумуна катышуу үчүн келген делегация башчылары менен мүчөлөрү “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барып, гүл чамбар коюшту. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахраман, Азербайжан Республикасынын Улуттук Межлисинин Төрагасы Октай Асадов, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасынын орун басары Гүлмира Исимбаева, Венгрия Мамлекеттик Жыйынын Төрагасынын орун басары Иштван Якаб, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Төрагасынын орун басары Нариман Умаров катышты.

Эске салсак, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын 7-пленардык отуруму бүгүн Бишкек шаарында өтүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: