Митингчилер Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келишкен. Алар президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишин жана Канат Исаевдин төрага болуп дайындалганын жокко чыгарууну талап кылышууда. Ошондой эле алар өз лидерин премьер-министр кылып дайындоо процедурасын тездетүүнү суранышат.
“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары кезектеги жыйынга чогулду. Күн тартибинде Өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын бекитүү маселеси каралат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ