Бүгүн, 3-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын эл артисти, опера ырчысы Эсенбү Нурманбетова каза болду. Бул тууралуу артисттин кесиптештери билдирди.
Алардын айтымында, Эсенбү Нурманбетова көптөн бери ооруп жүргөн, ал бүгүн үйүндө каза болду. Жаңырган жылда ал 62 жашка толмок.
Эсенбү Нурманбетова 1984-жылдан баштап, 2016-жылга чейин Кыргыз улуттук опера жана балет театрында адыңкы солисттердин бири болгон. Ал көптөгөн жылдар аралыгында ар кандай операларда роль жараткан. Алсак, «Айчүрөк» (Калыйман), «Манас» (Канайым), «Ажал ордуна» (Зулайка). Акыркы жылдарда Эсенбү Нурманбетова Кыргыз улуттук консерваторияда сабак берип эмгектенип келген.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ