Menu

1-январдан баштап балдары майып ата-энелерге 4900 сомдон айлык төлөнө баштайт

Бөлүшүү:

Майып балдарын баккан ата-энелерге 2019-жылдын 1-январынан баштап 4900 сомдон төлөнө баштайт. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров кабарлады.

«1-январдан тартып бул ата-энелерге беш миң сомго жакын суммадагы айлык төлөнө башталат. Кийин биринчи топтогу чоң майыптарды караган адамдарга да биз келечекте мүмкүнчүлүккө жараша акча төлөөнү караштырып атабыз», – деди ал.

Бул максатка мамлекеттик бюджеттен 420 миллион сом каралган.

Маалыматка ылайык, майып баласын баккан ата-эненин эмгеги мамлекет тарабынан расмий таанылып, кийин пенсияга чыгуу мүмкүнчүлүгү да каралган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев багууга жана көзөмөлгө муктаж, майып баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүсүнө акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтомго 2018-жылдын ноябрь айында кол койгон.

Токтомго ылайык, майып балдары бар ата-энелер үчүн “жеке ассистент” аттуу социалдык кызматтын жаңы түрү түзүлөт. Жеке ассистентке ай сайын финансылык жардам катары акы төлөөнүн өлчөмү минималдык керектөө корзинасынын өлчөмүнө теңдештирилди. Азыркы кезде ал 4900 сомду түзөт.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча азыркы учурда өлкөдө 29,9 миң мүмкүнчүлүгү чектелген бала жашайт. Анын ичинен 6 миң бала ар дайым көзөмөлгө муктаж.

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан ата-энелерге айлык төлөп берүү, баланы караган жылдарын эмгек стажына кошуу маселеси 15 жылдан бери көтөрүлүп, чечилбей келген.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: