Menu

Эмне үчүн Жээнбеков мыйзамда көрсөтүлгөн президенттик укуктарына толук кандуу ээ боло албай жатат, качан президент болот?

Бөлүшүү:

Бул суроого реалдуу көрүнүштөрдөн мисал кылуу иретинде жооп берип коёлу. 24-ноябрда Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы өтүп, расмий түрдө кызматына киришти. Бирок, анын портрети эмгиче чиновниктердин кабинетгерине илинбесе, резиденциядагы өзүнө тиешелүү үйүнө жашай элек болсо, анан калса кортежи жупуну жана жолдун бир линиясы менен гана жүргөнүнө кандайча түшүнөбүз? Эмне үчүн Жээнбеков мыйзамда көрсөтүлгөн президенттик укуктарына толук кандуу ээ боло албай жатат? Ал эми кадр саясатына чечкиндүү кирише албаганы, жада калса аппарат башчысын дагы алмаштыра албаса, анда коомчулук, эл да Сокени кандай ойлоп калат? Айтор, суроолор көп. Кызык, чын эле Кыргызстанда президент ким, же биз түш көрүү менен жашап атабызбы? Мындай түрүбүз менен дүйнөлүк коомчулукка уят болгондон Кудай сактасын! Кыргыз бийлигинин жогорку баскычындагы дал ушундай ыңгайсыздыктан улам, расмий чакыруусун жолдогон Нурсултан Назарбаев «өчөшүп», Астанадан Сооронбай Жээнбековду жогорку деңгээлде тосуп алып, мурда болуп көрбөгөндөй урмат-сыйды жасоо менен кабыл алышы мүмкүн. Баса, баарыбыз күбө болдук да, кыргыз ажосунун алгачкы иш сапары Москва, Минск шаарларында өтүп, КМШ өлкөлөрүнүн башчылары жылуу кабыл алышты. Эми Астананын урматы көрсөтүлгөнү жатса… Көрсө, кептин баары өзүбүздө жаткан турбайбы, кедери-бизден кетип…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: