Menu

Былтыр Кыргызстанда 522 киши өз жанын кыйган

Бөлүшүү:

Кыргызстанда 2018-жылы 522 киши өз жанын кыйган. Алардын 80и аялдар. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 2018-жылы суицидге барган жарандардын саны көбөйгөн. 2017-жылы 490 киши жанынан кечсе, алардын 91и аялдар.

Буга чейин акыйкатчы Токон Мамытов парламентте баяндама жасап жатып үй-бүлөлүк чыр жана ата-эне менен пикир келишпестик өспүрүмдөрдүн өз өмүрүнө кол салуусунун башкы себеби болорун белгилеген. Мамытов 2016-жылы өспүрүмдөр арасындагы суицидге байланыштуу 95 факт катталганын айтты. Алардын 56сы эркек, 39у кыз балдар болгон. 92си мектеп окуучулары, колледж студенти үчөө. 12-февралда Бишкектин четинде өрттөн бир аял жашы жете элек эки баласы менен кошо күйүп кеткен. Ички иштер министрлиги тергөө жүрүп жатканын айтып, азырынча өрттүн себебин расмий билдире элек. Маркумдун кошуналары келин өзүн-өзү өлтүргөнүн айтышууда. Өрт катталганга чейин ал бензин сатып алганы белгилүү болду. Келиндин кайненеси менен мамилеси начар болгону айтылууда.

Былтыр сентябрда Айзат Чыртекова аттуу келин 6-сентябрда кечке жуук Ошто жети айлык ымыркайы менен кошо төртүнчү кабаттан бой таштаган. Аялдын жамбаш сөөгү сынып, мээси чайкалган. Бала башынан жараат алган. Келин үй-бүлөлүк зомбулуктан тажап бул кадамга барганы айтылган. Ош шаардык соту «адам өлтүрүүгө аракет кылды» деп айыптап, 12 жылга эркинен ажыраткан. Келиндин иши ушу тапта облустук сотто каралууда.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: