Menu

Укук коргоочулар Астананы журналисттерге карата куугунтукту токтотууга үндөштү

Бөлүшүү:

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык укук коргоо уюму Казакстан бийлигин журналисттер менен блогерлерге карата куугунтукту токтотууга үндөдү.

Уюмдун 4-апрелдеги билдирүүсүндө Forbes Kazakhstan басылмасы менен Ratel.kz сайтынын Алматыдагы кеңселериндеги тинтүүлөр, Ratel.kz сайтынын жабылышы жана журналисттердин кармалып кайра бошотулушу, ошондой эле мурдагы жумада соттун чечими менен мажбурлап дарыланууга жөнөтүлгөн жарандык активист Ардак Ашим тууралуу айтылган.

Анда кезектеги репрессиялык иштер казак саясий элитасынын арасында 77 жаштагы Нурсултан Назарбаевдин мураскери ким болот деген теманын айланасындагы чыңалуу күчөп жаткан маалга туш келгени белгиленген.

«Forbes Kazakhstan, Ratel.kz жана Ардак Ашимге карата куугунтуктар казакстандык бардык журналисттерге эскертүү болууда», — деди уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча бөлүм башчысы Йоханн Бир.

Казакстанда аталган редакциялардын кеңселеринде тинтүү иштери 2-апрелде, мурдагы каржы министри Зейнулла Какимжанов «атайылап жалган маалымат таратуу» боюнча арыз жазгандан кийин жүргүзүлгөн. Ал аталган сайттарга акыркы беш жыл ичинде чыккан өзү тууралуу макалалар «кара пиар» жана «жалган» экенин билдирүүдө.

Макалаларда Какимжановдун коррупциялык иштерге байланышы бар экендиги айтылган. Былтыр апрелде Алматы соту эск-министрдин пайдасына чечим чыгарып, басылмалар моралдык чыгым төлөп бериши керектигин билдирген. Журналисттер сот чечими менен макул эмес экендиктерин айтып, ал боюнча даттануу ниеттерин билдиришкен. Шаршембиде Ratel.kz сайтынын башкы редактору Марат Асиповдун макамы күбөдөн шектүүгө алмаштырылганы белгилүү болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 55 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: