Menu

Аликбек Жекшенкулов: Атамбаев көнүмүш адаттарын тыштабай, кайрадан эле дүрбүттүрө берсе барын жоготот

Бөлүшүү:

Аликбек мырза. КСДПнын курултайы боюнча кандай ой-пикиринизди айта аласыз?

– Бүгүнкү күнү КСДПнын ынтымагынын ыдырашын кепилдик менен айтса болот. Биринчиден: Атамбаевдин тарапташтарынын чогулушун партиянын курултайы деп айтыш оор. Ар бир партиянын уставында делегаттардын тандоосу жөнүндө тартиптер айтылат. Алар алгач, аймактык партиялык уюмдар тарабынан шайланат, алар партиялык лидер менен дайындалбайт. ММКларга чыккан маалыматка таянсак, уюштуруучулар өздөрү курултайдын делегаттарынын тизмесин бекитишкен.

– Делегаттарды тизмеден чийип салуу Жобого туура келеби?

– Каалагандарды киргизип, каалабагандарды чийип салышкан. Мындай жол менен, өзгөчө Жобо бузулуу аркылуу лидерди тандоо легитимсиз болуп калат. Менин оюмча, КСДПын өзүн-өзү жок кылуу процесси башталды. Экинчиден: жеке мамилелик ажырым орун алды, Атамбаев кармаланбай жатат, адаттагыдай кызыл кандуулукка алдырды, ошондуктан олуттуу саясий каталарды кетирди. Соңку жылдардагы ал, өзү курган саясий конструкция бузулуп баштады. Баарын өз алдынча көзөмөлгө алуу жана мыйзамдуу шайланган президентти башкаруу ниети ишке ашпады. Үчүнчүдөн: Атамбаев мурункудай болуп баарын чече албай жана таасирин жоготуп калганын сезгендиктен баарын күнөөлөп, өзүнүн тегерегин коргогонго аракет кылды. Биз, анын мындай сөздөрүн көп
жолу укканбыз, бул жолу анын ою өтпөйт, анткени эл азыр түшүнүп калды кимдин ким экенин.

– Алмазбек Атамбаевдин саясатка кайра келемин деген кадамы туура элеби?

– Алмазбек Атамбаев көнүмүш адаттарын тыштабай, кайрадан эле дүрбүттүрө берсе, анда баарын жоготот коомчулук менен саясий элитага болгон таасирин, жана өзгөчө партияга. Бара-бара, акыры өз кылыктарына толугу менен жооп берет. Кыргыз коомчулугу өзүнүн башынан ачуу сабактарды өткөрүп, саясатчылардын анык жүздөрүн таанып-билгенди үйрөндү. Өзгөчө бүгүнкү күн мамлекетти алдыга жеткириш үчүн жана жаркын келечекке жетиш үчүн ынтымак менен туруктуулук керек. .

Булак: “Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: