Кечээ, 1-октябрда КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков Афганистан Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Мохаммад Ханиф Атмар менен видеоконференц байланышта сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-афган мамилелеринин күн тартибинин актуалдуу маселелери, анын ичинде Чоң жана Кичи Памирдеги афган кыргыздарды колдоо боюнча долбоорлор талкууланды. Андан тышкары тараптар инфратүзүмдүк долбоорлорду жана региондук интеграцияларды мындан ары өнүктүрүүнүн көрүнүштөрү тууралуу пикир алмашышты.
КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков 2020-жылдын сентябрында Доха шаарында афган эл ичинде жолго коюлган элдешүүнүн процессин колдоорун жана Афганистанда тынчтыкка жентишүү жана бүтүндөй региондук коопсуздукту бекемдөө максатында анын алдыга жылышына үмүт артарын билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ