Бакиевдердин доору жүрүп турганда КСДПдан депутат болуп, бирок үй-бүлөлүк кландын кысымына чыдабай, бизнесин тарттырып жиберүүдөн коркуп, мандатын таштай качкан Рахатбек Ирсалиев саясий аренадан көрүнбөй кеткен. Бийлик алмашкан 2010-жылдан кийин да саясатка жологон жок. Сыягы, жүрөгү үшүп калса керек айтор, ач кулактан, тынч кулак дедиби, бизнесин өркүндөтүүгө баш-оту менен кирип кеткен.
Бийликтин жылуу мамилесинен пайдаланып бизнесин гүлдөттү. Кут болсун дейли. Бирок топук кылып, мамлекеттин капчыгын каккан, элдин жонунан кайыш тилген иштен оолак болсо болмок. Дегенибиз, Рахатбек Ысык-Көлгө «Коңyp-Өлөң» деген аталышта чакан ГЭС куруп алып, 1 киловатт электр энергиясын учурда мамлекетке 4 сом 70 тыйындан сатууда. Мамлекеттик энергокомпаниялар элге 77 тыйындан, 700 киловаттан ашса 2 сом 16 тыйындан сатып банкротко учурап жатат. Ушундай дагы мамлекеттик саясат болобу? Мамлекетти карактаган бизнесменден электр энергиясын албай койсо болбойбу?..
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ