Menu

Атамбаевдин кызы Алия Шагиева соцтармакка ой-толгоо жазды

Бөлүшүү:

27-ноябрда экс-президенттин кызы өзүнүн Facebook баракчасына ой толгоо жазып, жазганы талкууга алынды. Аны талкуулагандан алыспыз. Атасы камакта олтурган кыздын оюна гана көз жүгүрттүк. Алия, албетте, орусча жазган, биз аны кыргызчалап берип жатабыз:

“Турмуш – оош-кыйыштан турат. Бу жолку күз оор болду. Кайсыл бир учурда, чыдабай кеткендей болдум. Бир ирмемде ачык түшүндүм, эч нерсе көргүм келбей калганымды, күндөн күнгө бул дүйнөдөн кетким келе баштаганын түшүндүм. Үйдө, автобуста, керебетте ойгонор замат түшүмдө ичимде өлүп калганымды, эми болгону денени өлтүрүш керек экендигин сезип жаткандай болдум. Мурда бала төрөө – эң оор экен, мындан оор эч нерсе жок деп ойлочумун. Жаңылып жүрүпмүн.

Кийин жашагым келгенин аңдап билдим, өлүмдү каалоо – чындыгында оорудан, кыйынчылыктан кутулуунун жолу экенин, аны жаап-жашыруу экенин билдим. Ошол замат бул маселени чечким келди. Жообу деле өтө оңой экен, ушунчалык жакын экен… тамак даярдап жатып, үй жыйнап жатып, балдар менен ойноп же бир иштер менен жолдо баратып, жан-дүйнөмдөгү байкоочуну ойготуп, “өзүм” менен “сезимди” бөлүп, акыл-эстин оюндарына азгырылбаганга аракеттендим.

Чыйралып, күч-кубатка толгондо, Парижде өтчү көргөзмөгө даярдана баштадым. Эмнеден башталганын айтуу кыйын, бирок бардыгы өзүнөн-өзү болуп, убакыт да дал келип, кызыктай салыштыруулар менен жагымдуу таанышууларга туш болдум. (Ксюша, сенин жардамың үчүн чоң алкыш айтам, сенсиз көргөзмөм болмок эмес… Кучактайм сени…).

Айланамда бардыгы: “Сен туура жолдосуң” деп айтып жатышкандай. Мени колдогондордун бардыгына ыраазычылыгымды билдирем. Бул кадимкидей жылуулук берет экен. Туугандарым менен жакындарыма өзүнчө рахмат, өзгөчө жолдошума. Баарыңарды жакшы көрөм жана бетиңерден өбөм.

Менин турмушумдагы кара жол соңуна чыкты, ага бир четинен ыраазы болуп, бир четинен дирилдеп, коштошуп жатам. Азыр бардыгы эмне үчүн болгонун көрүп турам. “Бардыгы жакшылыкка” деген сөздү мурункудан терең түшүнө баштадым.

Рахмат, рахмат, рахмат… Бул жөнөкөй сөз эмес. Бул Сезим”.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: