Menu

Аял судьялар киши сатуунун курмандыктарын талкуулашты

Бөлүшүү:

2018-жылдын 12-14-октябрь күндөрү “Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясы”
коомдук бирикмеси IV конференцияга чогулушту. Эки күнгө созулган жыйында
«Адамдарды сатууга байланышкан кылмыштардан жабыр тарткан тараптардын сот
адилеттигине болгон жетишүүсү» темасын талкуулашты.

Конференциянын ачылышына Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун
Төрайымы Гульбара Калиева, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
Туйгунаалы Абдраимов, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов,
АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин, Мыйзамсыз баңги заттарды жүгүртүүгө каршы
күрөшүү жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча эл аралык бюросунун ди⁠ректору
Сандип Пол, Кыргыз Республикасындагы Европалык Биримдиктин өкүлчүлүгүнүн
долбоордун менеджери жана операциялык сектордун башчысы Никола Скарамуццо,
Вена , Австриядагы Бириккен улуттар уюмунун баңги заттарга жана кылмыштуулукка
каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын штаб-квартирасынын кылмыштуулукту
жзана кылмыш-жаза сот адилеттиги боюнча кызматкери Анна Цицина катышышты.
Иш чарага ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун,
Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьялары, Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Башкы
прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз
Республикасынын Адвокатурасынын өкүлдөрү, министрлик-ведомстволордун,
жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын, кызыктар болгон мамлекеттик органдардын
жана жергиликтүү өз алдыча башкаруу органдарынын өкүлдөрү чакырылган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы, “Аял-судьяларынын кыргыз
ассоциациясы” коомдук бирикмесинин Байкоочу кеңешинин төрайымы Феруза
Джамашева буга чейин уюштурулган конференциялардын ишине токтолду. Аталган
бирикме уюштурган биринчи конференциянын темасы балдардын сот адилеттигине
жетишүүсү болсо, экинчи конференция мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын сот
адилиттигине жетишүүсү, ал эми үчүнчү конференция калктын аялуу катмарынын сот
адилеттигине жетишүүсүнө арналган. Буга чейинки конференцияда иштелип чыккан
сунуш-пикирлер Жогорку Кеңешке, Өкмөткө жана министрлик- ведомстволорго
берилгендигин кошумчалады.
Жогорку соттун Төрайымы Гульбара Калиева адамдарды эмгек жана сексуалдык
кулчулукка сатуу темасы бүгүнкү күндө актуалдуу экендигин айтып, буга аялдар менен
балдар көбүрөөк чалдыгып жаткандыгын белгиледи. Төрайым буга чейин “Аял-
судьяларынын кыргыз ассоциациясы” коомдук бирикмеси Жогорку сотто өлкөдөгү
адамдарды сатууга байланышкан кылмыштар боюнча соттук практиканы иликтөө
туурасындагы отчетунун бет ачаарын өткөргөндүгүн маалымдады. Аталган отчетту
Жогорку соттун Жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү соттук
коллегиясы талкуулап, алдыда бул иштерди республика боюнча жалпылап, Пленумдун
токтомун даярдоо планга киргизилгендигин айтты.
Конференция учурунда “Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясы” коомдук
бирикмеси Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана Борбор Азиядагы (UNODC)
жазык ишинин сот адилеттиги боюнча Программасынын колдоосу менен 2014-2017-
жылдар мезгилиндеги адамдарды сатууга байланышкан кылмыштар боюнча соттук
практиканы изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө даярдалган кеңири маалымат
беришти.
Ошондой эле конференциянын жүрүшүндө “Кыргыз Республикасында адамдарды
сатууга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдарга сереп”, “ Кыргыз
Республикасында адамдарды сатуудан жабыр тарткан тараптарды кайра багыттоо
механизмдери”, “Адамдарды сатуунун курмандыктарынын сот адилеттигине жетишүүсү”,“Адамдарды сатууга байланышкан кылмыштарды алдын алууда аялдардын өкмөттүк
эмес уюмдарынын ролу” аталыштагы темалар презентацияланды. Мындан тышкары, иш
чаранын жүрүшүндө БУУнун баңги заттарга жана кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча
башкармалыгы “ Адамадрды сатууга каршы күрөшүүгө байланышкан иштер боюнча, эл
аралык соттук практикадагы 135 соттук иш камтылган соттук чечимдердин жыйынын
тартуулады.
Эске сала кетсек, “Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясы” коомдук бирикмеси
2015-жылдын июнь айында 22 судья тарабынан түзүлгөн болчу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: