Menu

Тажик дзюдочусу Анталияда өткөн мелдеште дүйнө чемпиону болду

Бөлүшүү:

Белгилүү тажик күрөшчүсү Комроншох Устопириён эл аралык “Grand-Prix Antalya 2018” мелдешинде 90 килограммга чейинки салмакта сербиялык дүйнө чемпиону Неманйя Майдовду утуп, алтын медаль алды. Турнир 8-апрелде Түркиянын Анталия шаарында жыйынтыкталды.

Эң жогорку көрөткүчтөргө жетишкен Комроншох Устопириён 8-апрелге чейин төрт атаандашын мөөнөтүнөн мурда утту. Дзюдочу мелдештин экинчи туруна катышып, финляндиялык Самули Виитаненди таза иппон менен жеңип алды. Андан соң АКШ күрөшчүсү Солтон Броунду утуп, жарым финалда азербайжандык Мамадали Мехдиевдден озуп кетти.

Финалда Комроншох 2017-жылдагы дүйнө чемпиону, сербиялык Неманйа Майдов менен беттешти. Кармаштын жыйынтыктоочу бөлүгү 3:12 иппон менен тажик спортчусунун пайдасына чечилди. Комроншох Устопириён алтын медалга татыктуу болду.

Былтыр Комроншох Устопириён эл аралык “Grand-Prix Antalya 2017” фестивалында монголиялык Алтанбаган Гантулгудан утулуп калып, күмүш медаль алган.

Эл аралык дзюдо федерациясынын (IJF) рейтингинде Устопириён 7-орунга көтөрүлдү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: