Душанбеде оңдоп-түзөө иштеринен кийин Садриддин Айни атындагы парк ачылды. Анын ачылыш аземине Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен калаа мэри Рустами Эмомали катышты.
Реконструкциядан кийин паркта 1200 кишиге ылайыкташтырылган амфитеатр, административдик имарат, балдар аянтчалары жана сегиз оргума пайда болду.
Айни атындагы паркты реконструкциялоо алдында белгилүү саясатчылардын, окумуштуулардын жана жазуучулардын сөөгүн кайра көмүүгө туура келип, иш жаңжал менен коштолгон. Тажикстандын мурдагы жетекчилери Жаббор Расулов менен Бободжон Гафуров, Эл акыны Боки Рахимзода, академик Мухаммад Осими, окумуштуулар Камол Айни менен Мукаддима Ашрафинин сөөгү башка жерге жашырылган. Реконструкциядан кийин паркта Тажикстан баатыры жана заманбап тажик адабиятынын негиздөөчүсү Садриддин Айнинин гана сөөгү калган.
Тажикстан Коммунистик партиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы Жаббор Расуловдун небереси Ирина Тихонова Фейсбуктагы баракчасына чоң атасынын сөөгү кайра көмүлөрү туурасында маалымат алышпаганын жазды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ