Элге күйүмдүү болуп, кайрымдуулук иштери менен эл оозуна байма-бай алынып жүргөн меценат Бабур Төлбаев «Мөл булак» чакан банкынын башкы директору экендигинен көпчүлүктүн кабары бар. Кайрымдуулук дегени менен элге жогорку пайыз менен насыя берип, ошонун эсебинде кайрымдуулук кылып, андан тышкары бир нече миң сомдон атайын коом үчүн деп кардарларынан кармап калган адаты бар экендиги дагы жашыруун эмес. Негизи көп акчалуулар куранды шылтоолоп, ак иштейбиз дегени менен ошол эле куранда «үстөк пайыз» менен элдин жонунан кайыш тилгендерге өтө оор жаза каралган. Бул жагы кандай болуп калат?! Албетте, ар ким өзүнө жооп берет деңизчи. Анысына макул деп турсак жакында Бабур мырза берген маегинде өз жүзүн ачып алды. Айтымында аялдардын коомдогу активдүү катмары «болбогон катмар», ал эми тең укукту каалагандар, талап кылгандар – «террористтер» экен. Коомдо аброю түзүк илим-билимдүү мырзадан ушундай орто кылымга тийиштүү караңгы ойлор чыгып жатса, эртеңки күн аял-затынын тагдыры үчүн ойлонууну талап кылып жатпайбы?! Буга аялдардын укугун коргогон коомдун активдери эмне дешет?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ