Биздин саясатта Турсунбек Акун деген уникалдуу киши бар. Канча жылдан бери саясаттын казанында кайнап келе жатат. Камалса дагы, жаагы сынса дагы көңүлү калган жок, саясат алпурушуп келди. Акыркы бир жылда өкмөттү Чолпонбайдай төшүн тосуп коргогонун көрдүк. Бирок, жакындан бери негедир үнү чыкпай, коомчулуктан оолактап кетти. Эмне болду? «Устакан» ыйгарылбаганы үчүн таарындыбы? Же жашым келди деп чекеге чыгып, саясатты жыйыштырдыбы? Биз түшүнбөй турабыз. Демократиялык баалуулуктары эми телчигип келаткан биздин коомго айкырык салып туруучу Турсунбек Акундай чынчыл киши өтө зарыл. Жатып алганы болбойт да. Бүгүнкү өкмөт кадырына жетпесе кийинкиси жетер. Андан көрө белди бекем байлап, баягы кайратына келиши шарт. Ден соолугу Кудайга шүгүр, жаман эмес. Баскан-турганы жигиттикиндей шамдагай. Анан эмнеге чүнчүш керек.
—Турсунбек Акунович, дайыма чыркырап чыгып, чындыкты айтканга аракеттенчү элеңиз, көптөн бери көрунбөй кетишиңизге эмне себеп болду? Чарчадыңызбы?Же убадаланган кызматты күтүп жүрөсүзбү? Кумга сиңген суудай болуп сиздин чээнге киришиңизге эмне туртку болду? Эски досуңуз, Алмазбек Атамбаевге ат тезегин кургатпай каттап жатканыңыз чынбы?
Камчы Кадыров
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ