Бүгүн, 29-сентябрда жүзгө жакын кафе-ресторан кызматкерлери Кыргыз Улуттук филармониясынын жанына митингге чыгып, иштөөгө уруксат берүүнү талап кылышты.
Митингге чыккандар: ырчылар, тамадалар, оператор, сүрөтчүлөр, бийчилер, ресторан кафелердин администраторлору, официанттар айтор, той тармагында эмгектенгендер.
«Биз өкмөттүн логикасын түшүнбөй жатабыз. Чиркөөлөр, мечиттер, базарлар, коомдук транспорт иштейт. Үгүт иш-чараларына миңдеген адамдар чогулуп, санитардык нормаларды эске алышпайт. Ал эми 5 миңден ашуун адам иштөөгө тыюу салынгандыгына байланыштуу алты айдан бери үй-бүлөсүн бага албай жатышат. Үй-бүлөлөр түзмө-түз ачарчылыктан кыйналып жатышат», – деп билдирет митингдин катышуучуларынын бири.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ