Menu

Тажик президентинин күйөө баласы кайрадан Улуттук банктын төрага орун басары болуп дайындалды

Бөлүшүү:

Жамолиддин Нуралиев

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун күйөө баласы Жамолиддин Нуралиев кайрадан өлкөнүн Улуттук банкынын төрага орун басары кызматына дайындалды. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы 18-июнда кол койду.

43 жаштагы Жамолиддин Нуралиев буга чейин Дүйнөлүк банкта, Эл аралык валюта фондунда директордун кеңешчиси, Тажикстандын каржы министринин орун басары, «Агроинвестбанктын» Байкоочу кеңешинин төрагасы кызматтарында иштеген.

Тажикстанда Улуттук банктын төрага орун басары президенттин жарлыгы менен беш жылдык мөөнөткө дайындалат. Жарлыкты эми парламент депутаттары жактырышы керек.

Нуралиев алгачкы жолу Улуттук банктын төрага орун басары болуп 2015-жылы дайындалган.

Тажикстанда Эмомали Рахмон үй-бүлө мүчөлөрүн жогорку мамлекеттик кызматтарга дайындагандыгы үчүн сынга кабылып келет. 2017-жылы январда анын улуу баласы Рустам Эмомали Душанбе шаарынын мэри болуп дайындалган. Быйыл жазында ал парламенттин жогорку палатасынын төрагалыгына шайланып, өлкөдөгү экинчи адам болуп калды.

Президенттин кызы, Жамолиддин Нуралиевдин жубайы Озода Рахмон 2016-жылдын январынан бери президенттик администрацияны башкарат.

Мамлекет башчынын дагы бир кызы – Заррина Рахмон 2017-жылдын июлунда президенттин кайын агасы жетектеген «Ориёнбанктын» төрага орун басары болуп дайындалган. Рахмондун үчүнчү кызы — Рухшона Тышкы иштер министрлигиндеги башкармалыктардын биринин жетекчисинин орун басары болуп иштейт.

Тажик президентинин дагы бир күйөө баласы Шамсулло Сохибов Улуттук олимпиада комитетинин төрага орун басары. Бирдиктүү мамлекеттик реестрдеги маалыматтарга ылайык, Сохибов көп профилдүү «Фароз» компаниясына ээлик кылат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: