Menu

Алматыда кулаган учактан каза болгондордун жакындарына төрт миллион теңгеден берилет

Бөлүшүү:

Алматыда кулаган учактан каза болгондордун жакындарына төрт миллион теңге (10,5 миң доллар) берилет. Бул тууралуу “Спутник Казакстан” агенттиги жазып чыкты.

Алардын маалыматына караганда, президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен маркумдардын үй-бүлөсүнө төрт миллион теңгеден (10,5 миң доллар) берилет жана жабыркагандарга каржылык жардам көрсөтүлөт.

Эске сала кетсек, кечээ, 27-декабрда, таңкы саат 07:22де  “Fokker-100” учагы Алматынын аэропортунан Нур-Султанды көздөй баратып, Гүлдала айылынын четине кулап түшкөн. Учактын ичинде 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон. Алматынын акимчилигинин акыркы маалыматына караганда, 66 адам ооруканада, каза болгондордун саны 15 адамга жеткен. Жабыркагандардын арасында бир кыргызстандык бар, ал ооруканада экенин биздин ТИМ басма сөз кызматы билдирген.  Ошондой эле биздин мыкты хирург Сабыр Жумабеков жабыркагандарга операция кылуу үчүн Алматыга учуп кеткен.

Бүгүн, 28-декабрь – Казакстанда аза күтүү күнү.

Булак: «KyrgyzToday»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: