Menu

Ашхабад: турак-жайлар бузулгандан кийин көчөдө үй-жайсыз жаныбарлар көбөйдү

Бөлүшүү:

Жакында Ашхабаддын борборундагы турак-үйлөр бузулгандан кийин айрым кичи райондордо үй-жайсыз жаныбарлар көбөйдү. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришүүдө.

Ашхабаддын жашоочуларынын айтымында, турак-жайы бузулган үй-бүлөлөр иттери менен мышыктарын көчөгө калтырып, батирлерде же туугандарыныкында баш калкалоого аргасыз болушкан. “Айрым үй-бүлөлөр көчүп жатканда буюмдары менен кошо үй жандыктарын да ала кетишкен. Бирок көпчүлүгү көп кабаттуу үйлөрдөгү тар батирлерге көчүп, өздөрү араң батып жатышат”, – деди шаар тургундарынын бири.

Бийлик тарабынан Ашхабаддын борборундагы кезектеги турак-үйлөрдүн бузулуп жаткандыгы тууралуу январдын соңунда белгилүү болгон. “Биздин үйлөрдү шаарды көрктөндүрүү чараларынын алкагында бузуп жатышат. Жаңы турак-жай бөлүп берүү тартиптери так аныктала элек болгондуктан, көпчүлүк үй-бүлөлөргө туугандарыныкында жашап туруу буйругу берилди”, – деп билдиришти ашхабаддыктар.

Учурда Ашхабаддын жашоочулары кичи райондордо үй-жайсыз ит-мышыктардын жүргөнүн көрүүгө болорун билдиришүүдө. “Аларга жакын жайгашкан үйлөрдүн тургундары тамак берип жатышат. Балдары болсо иттер менен ойноп жүрүшөт”,- деди жергиликтүү тургундардын бири.

Ашхабаддык укук коргоочу Наталья Шабунцтун билдиришинче, көбүнчө көчөдөгү үй жандыктар балдардын көзүнчө өлтүрүлүүдө. «Андан кийин кээ бир балдарга психологиялык жардам керек болууда. Учурда үй жандыктарын кыруу учурлары көбөйүп жатат”, – деп кошумчалады ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: