Menu

Активисттер “Келин” реалити-шоусуна каршы болушууда

Бөлүшүү:

КТРК эфиринен берилип жаткан “Келин” долбоору коомчулукта ача пикирди жаратты.

Уюштуруучулар берүү аркылуу үй-бүлөдөгү келин менен кайнене ортосундагы мамиле иликтенип, жоголуп бараткан кыргыздын салттарын жандандыруу аракети жасаларын айтышууда. Ошол эле учурда гендер жаатындагы эксперттер бул программа, тескерисинче, кыздардын укугун тебелеп, үй-бүлөдөгү тең укукту басмырлап жатканын белгилеп жатышат.

КТРК эфиринен реалити шоунун 26 кыз катышкан биринчи гана чыгарылышы көрсөтүлдү. Ал тандоо бөлүгү болуп, «кайнененин» чечими менен 10 катышуучу кийинки турга тандалды. Долбоордун директору Хадича Харсанованын айтымында, “Келин” программасы турмушка чыга элек кыздар арасында үй-бүлөлүк баалуулук тууралуу түшүнүктү кеңейтип, турмуш курууга багыттайт.

Айрымдар “Келин” долбоору ансыз деле үйдөгү тиричиликтен алыстап бараткан кыздар үчүн тарбиялык мааниси бар десе, КТРКдан көрсөтүлүп жаткан реалити шоу кыздардын укугун тебелеп жатат дегендер да жок эмес. «Бул программада элеттик көрүүчүлөргө басым жасалыптыр. Ал жакта ансыз деле келиндердин статусу өтө төмөн. Ал кызмат кылат, идиш жууйт, бала төрөйт. Ага кулдай эле мамиле жасашат. Бул долбоорду көргөн келиндер чындап эле жашоодо баш көтөрбөш керек экен деген түшүнүктө кала беришет», – деп эсептейт жарандык активист Умай Арыкова

Кыргызстандагы феминисттер кыймылы теледолбоорду КТРКнын эфиринен алып салуу талабы менен Жогорку Кеңешке чейин кайрылуу жасоого камданууда. Анткен менен Коомдук телерадио азырынча программаны эфирден токтотууга шашылбай турат. Корпорациянын башкы директору Илим Карыпбековдун айтымында, коомчулук “Келин” долбоорун эки өңүттө талкуулап жаткандыктан, чукул убакытта редакциялык кеңешме өткөрүп, анын чечими менен долбоордун мындан кийинки келечеги аныкталат.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: