21-майдан тарта Бишкектеги соода борборлору ишке кирет. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Бирок соода борборундагы жаш балдар ойноочу жайлар жабык бойдон калат.
Республикалык штабдын планына ылайык, калкты тейлөө борборлорунун, тиричилик кызматын көрсөткөн жайлардын иши жанданат. Андан сырткары унаа жана мал базарлары ишке кирет.
Ал эми 25-майдан тартып кийим-кечек саткан базарлар иштеп баштайт. Аны менен катар борбор калаадагы кафе-ресторандардын да иши жанданат. Бирок столдордун ортосунда аралыкты сактоо зарыл деди, Боронов. Ошондой эле, ишке кирген бардык соода жайлары санитардык талаптарды аткаруу керек экени эскертилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ