Menu

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “Акаев болобу, Бакиев болобу – мен экөө тең мекенге кайтып, сый-урматта турушу керек деген ойдомун”

Бөлүшүү:

– Эдил мырза, мурдагы президенттин иниси Адыл Бакиев “канды биз эмес, ошол кездеги башаламандыкты уюштургандар төктү”- дептир. Ынансак болобу?

– Мен муну азыр айткан жерим жок, көп жылдан бери айтып келе атам: биз улуттук ынтымакты, биримдикти бекемдешибиз керек. Араздашууларты токтотуп, алдыга карай жол алышыбыз милдет. Эски бири бирибизди чукулачу сөздөр, таарынычтар чыга берет. Жараны кайра-кайра ырбата берсек, эч качан айыкпайт. Кечиримдүү бололу! Ата бабанын канча улуу сөзү так ушуга арналган. Акаев болобу, Бакиев болобу – мен экөө тең мекенге кайтып, сый-урматта турушу керек деген ойдомун. Кыргыз өзүбүздү сыйласак, мамлекеттигибизди бекемдейли десек – мындай кадамга эртеби-кечпи барганга аргасызбыз. Азыр мына түрмөдө канча киши жатат. Жанагы эле Суталинов генералдай кечиримдүү бололу. Айкөлдүгүбүздү көрсөтөлү. Уруша берчү сөз түгөнбөйт, кайра-кайра сапырып эле, базардагыдай. Көп суроолорду өткөн убакыт өзү эле орду ордуна коюп койду. Тарых дагы тактайт. Бирок мен жалпы улуттук ынтымакка чакырып кетет элем!

– Адыл Бакиев биздин гезитке берген маегинде Кулов китебине: “Атамбаев көп болсо миң кишинин каны төгүлөт” деп жазганын баса белгилептир. Бул Атамбаевди эптеп эле каралоо эмеспи?

– Чынын айтыш керек. Андай сөздөр айтылганын мен өз кулагым менен укпагандан кийин, эчтеке дей албайм. Бирок Атамбаев башынан эле өтө регионализм жана трайбализмге көп көңүл бурганын билем. Мен убагында жакшы түшүнө алган эмесмин. Өзүн заманбап, жаңы муун, жаш лидер көрсөткөнү менен, эмнегедир ушул суроого келгенде бир кызыктай, аша чапкандык, тескери бир мамилеси таң калдырчу. Анан гана баары ачык чыкпадыбы. Көрсө бул киши өзүнүн теги башка жерден чыккандыгы үчүн, эң катуу убагында «мен чүйлүкмүн» деп кыйкырчу тура. Өксүк комплекстүүлөр ушундай сверхкомпенсация кылышат. Анан эле баткендик болгонун жашырбай калды. Кокондук сарбаздын тукуму болуп чакты. Кээде таластыктарга барып кайра эски оору кармап «мен силерге айтпаганда ким айтмак эле?» деп эркелегени таң калтырчу. Бул Чыңгыз Айтматовго убагында «биз экөөбүз кытай уруусунан болобуз» деп улуу космополитти алдаганда. Эми азыр кайра ушул бузукулугун баягы эле регионалдык жараканы күчөтүү менен улантып атпайбы. Кайра ушул Атамбаевтен өткөн чүйлүк же аркалык жок болгонсуп. Мунун баары өтө коркунучтуу жана жийиркеничтүү болбогондо, бул чын эле күлкүлүү болмок. Же бизди жаш баладай көрөбү? Же өзү ушунчалык пас адамбы? Эмне болсо да билип алсын. Кудайга шүгүр, азыр кыргыз эли, өзгөчө жаштар регионализм оорусу менен оорубайт. Баарыбыз бирбиз! Эски оюндарын токтотсун. Ишке ашпайт демекчимин. Бирок андан да башка азыр кээ бир эскилер трайбализм темасын ачыктан эле козгоп, уруу урууга бөлүнүү темасын жандандырууга аракет кылышууда. Жашоонун тамашасы, аларды Атамбаев убагында эң эле туура “акшакалдар” деп ат койгон.

– Атамбаев “бийликти кандай өткөрүп берсем КСДПны да так ошондой өткөрүп берем”- дептир. Анын бул кадамын кандай бааладыңыз?

– Атамбаев былтыр мартта КСДПга кайтып келгенде мен «бул киши жалпы улуттук журт башчы, экс-президент улуу даражасын чанып, партиялык офисти тандап алды» деп айткам. Бирок андан бери ал партиясынын да талпагы чыгып, жанында азыр беш кишиси эле калды. Партия толугу менен азыр Атамбаевге каршы. Коомдук пикир ушунчалык өзгөрдү. Эми мындай көрүнүш партия үчүн нормалдуу. Лидерлери алмашып турушу керек. Атамбаев эмне Ленин же Карл Маркс беле социал-демократтарга жыйырма беш жыл төрага болгудай. Каршы каяша айткандарды дароо эле чыгарып салууга да болбойт партияда. Баары талашып анан пикирин айтууга укуктуу. Бир макулдашууга келиши керек. Бул болсо жеке короосундай эле көрөт партияны. Ошондуктан КСДП албетте, калат саясатта. Бирок негизги шарт коомдун ишенимин жоготкон Атамбаевтен айрылышы керек. Мына өздөрү мурун туу туткан Эл аралык Республикалык Институтунун сурамжылоосу ал кишинин рейтингин болуп көрбөгөндөй төмөн түшкөнүн көрсөттү. Партия жашаш керек. Атамбаев эмес, улуу Черчилль, Де Голль, Рейган, Миттерандар, мына жакында Меркель таштап кетип атат. Атамбаев дагы кетиши керек. Бирок өзү кетпейт, албетте, эч качан. Муну партия күч менен чыгарбаса болбой калды. Аргасыздыктан. Партияны сактап калыш керек!

– Мурунку спикерлерден турган уюм президентке туура кеңеш бере алабы?

– Мурунку спикерлерди мен билишимче азыркы спикер чогултту. Мен билбейм, кандай жардам бере алышарын. Балким анын колу коюлчу каттарын окуп, каталарын оңдоп беришер! Башкасын эмне дейбиз? Ошону өздөштүрө алышпаса?! Мамлекет башкаруунун деңгээли өтө түшүп кетти. Уят!

– Шайлоо системасын өзгөртпөсөк шорубуз дагы шорподой кайнайбы?

– Шайлоодо префернциалдык системасын киргизишибиз керек. Анда азыркы партиялык тизмелерге гана эмес, шайлоочу жеке жактырган талапкерге добуш бере алууга жол ачат. Муну өткөн жылдары Өмүрбек Текебаев сунуштап, Атамбаев жактырбай койгон. Анткени, анын тизмелери эмес, эл колдогон депуттар келип калмак. Мен билишимче, азыр Алтынбек Сулайманов жана Жанар Акаев сыяктуу депутаттар демилгелүү мыйзам долбоорун даярдап киргизип атышат. Президентибиз Сооронбай Жээнбеков да колдоп берет деген үмүттөбүз.

Маектешкен: Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: