Menu

Мектеп директору окуучуну сабап, 2-кабаттан түртүп жибергенин жабырлануучу айтууда…

Бөлүшүү:

Өзбекстандагы Самарканд облусунун Иштихан районунда 10-класстын окуучусу экинчи кабаттан кулап түшүп, оор абалда ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Өзбекстандын ММКлары жазып чыкты.

Алардын жазганына караганда, окуя 2019-жылдын 28-декабрында болгон. 10-класстын окуучусу Сухроб Каршибоев оор абалда ооруканага жеткирилген. Окуучунун айтымында, аны мектеп директору сабап, экинчи кабаттан түртүп жиберген. Окуя болгон күнү мектептин ичинде кимдир бирөө петарда жардырып жиберген. Ага мектептин директору Адхам Рузиев Сухроб Каршибоевди күнөөлөп, иш бөлмөсүнө алып барып сабап, экинчи кабаттын терезесинен түртүп жиберген. Мектеп жетекчилиги айыптоолорду четке кагып, окуучу өзү терезеден секирүүгө аракет жасаганын билдирген. Бул окуя боюнча укук коргоо органдары иликтөө иштерин баштады.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: