Menu

Бакыт Төрөбаев бажыдагы “балээлерге” ишенбейт

Бөлүшүү:

Бажыдагы миллиондордун изи боюнча “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери, депутат Бакыт Төрөбаев да үн катып, өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу кыргыз элине кайрылуу жолдогон. Анда Төрөбаев, азыркы абалда айтылып жаткан коомдук пикирлердин көбүнө каршы чыгып, “Азаттыктын” изилдөөсүндөгү фактыларга анчейин ишене бербестигин айткан. Ал гана эмес, айрым трайбалисттик көз карашта айтылып жаткан “анда эмнеге Атамбаевди айтпайсыңар” тариздеги, акылы чоркок адамдардын сөзүн кубаттоого да алганы байкалат. “Буга чейин эмнеге сөз болбой келди эле”-дейт, Төрөбаев. Сөз болгондо да, Атамбаев аны “дарылап” жаткан кездердин алдында, шайлоо болооруна шаг санап жатканда, Бабанов комитет жыйынында кыйкырып айтып чыкканын ал киши унуткан окшойт. Басылмалар байма-бай жазып, акыры айласы кеткен Атамбаевдик бийлик, өкмөт башы Сапар Исаковдун колу менен бажыдагы ордунан шыпырып түшкөнүн Төрабаев эле көрбөй, укпай калбаса, баары көргөн. Төрөбаевдин кайрылуу катын оңдобой туруп берели:

“Азаттыктын” иликтөөсү боюнча коомчулук жана журналисттер тарабынан мага көп суроолор берилип жатат. Кээ бир суроолорго укук коргоо органдары буга чейин жооп берген. Учурда тиешелүү бийлик бутактары өзүнүн пикирин билдирип, зарыл болгон иш-аракеттерди жасап жатат. Кээ бир саясатчылар Матраимовду камаш керек деп жазып жатышат. Булардын комментарийин окуп, мурда Атамбаевди саткандай эле абал кайталанып жатканын көрүп турам. Ал кезде эмне үчүн алар унчугушкан эмес?

Чындыгында азыр баатыр болушкан айрымдар Матраимов алган добуш менен депутат болуп отурушат. Бул ишти укук коргоо органдары мыйзам чегинде карап, баардык суроолорго чекит коет деп ишенем. Менде да бул иликтөө боюнча бир топ суроолор бар. “Азаттыктын” иликтөөсүндөгү айтылган сөздөргө мен толук кандуу ишенген жокмун. Айеркен Саймаити – деген бул ким? Биринчиден, көз боёмочу (мошенник), аферист, жомокчу, экинчиден эки мамлекеттен эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкер, үчүнчүдөн, Манас аэропортундагы машинанын багажындагы киши колдуу болуп өлтүрүлгөн кылмышка шектүү жана террористтер жүргөн аймактагы өкүлдөр менен байланышкан адам. Анын интервьюсунан жалаң жалган сөздөрдү гана уктум. Биринчиси, “банктагы операцияларга мен эмес, банк кызматкерлери кол койгон дейт. Өзүңүздөр билесиздер, бир дагы банкта кызматкерлер кардардын ордуна документке кол койбойт. Экинчиси, Кыргызстандан 729-500 миң долларды Ата-Түрк аэропорту аркылуу алып, эки-үч күндөн кийин кайра Түркиядан жөнөткөн. Анда Түркияга алып келгендин эмне кереги бар? Үчүнчүсү, Эркештам бажы бекети боюнча айына Кыргызстанга 600 – 700 КамАз келип, импорт болуп, ошол аркылуу план толуп, бюджетке акча түшүп турган. Менин билишим боюнча бир дагы ай план аткарылбаганын уккан эмесмин. Саймаити ошол системаны жакшы билген адам. Чет өлкөгө ар бир акча товар үчүн жөнөтүлө тургандыгын, бизнес менен иштегендер билет. Айрыкча, Кытай менен иштеген ишкерлердин карго жөнүндө кенен маалыматы бар. Саймаити которгон акчалар – бул абадан келген эмес. Ал товар үчүн Өзбекстан, Казакстан, Тажикстанга, Россияга кеткен акчалардын баарын Кыргызстан аркылуу которуп, учак аркылуу жөнөткөн. Бүгүнкү күндө деле ишкерлер ушундай иштерди кылып жатат” -дейт Бакыт Төрөбаев.

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: