-Данияр Эрмекович, вицеликтен түшүп ичиниз ачышып турабы?
-Ичим ачышкан жок. Тескерисинче жеңилдей түштүм. Төраганын орун басары болуу абдан жоопкерчиликтүү жумуш. Кээде өзүңө, үй-бүлөңө да убакыт таппай каласың. Өзүм арыз жазып кеттим, төрага менен орун басардын бир фракциядан болгону этикага да, жигитчиликке да жатпайт. Кызмат эмне атабыздан калган мурас беле? Келесиң, кетесиң. Башкалар дагы иштеп тажрыйба топтош керек. Ошондуктан эч нерсе деле болгон жокмун. Шайлоочулардын көйгөйлөрү менен иштөөгө убакыт келди.
—Жогорку Кеңештин төрага орун басарларынын айлыгы 49 миң сом деп чыгышты…
—Иш тажрыйбасына, билген тилдерине карап акчалар кошула берет. 49 миң сом болбосо да, 42 миң сомдон 47 миң сомго чейин жетет.
—Так суммасын айтып койсоңуз?
—Айтпай эле коёюн эми, бир аз сыр бойдон тура берсин.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ