Кыргызстандын энергетикасынын 85 жылдыгына карата “Ош электр” ишканасы туумдарды кечүү акциясын жарыялады. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы бүгүн, 28-ноябрда билдирди.
Алардын айтымында, мындай акция 25-ноябрда башталган, ал 2020-жылдын 25-январында жыйынтыкталат. Акцияга катышууну каалагандар арыз менен Ош шаардык электр энергиясын сатуу мекемесине жана райондук электр тармагына кайрылса болот. Бирок, калк бир нерсени эске алуусу зарыл: ал карыз. Жалпак тил менен айтканда, карыздан толук кутулгандан кийин туум кечирилет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ