Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын кызматкерлери КР Тышкы иштер министрлигине караштуу дипломатиялык академияда 10 күндүк окуу курсунан окуй баштады. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, эки тараптуу кызматташуу келишимине кечээ, 28-сентябрда Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев жана КР Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы дипломатиялык академиясынын ректору Чынара Адамкулова кол коюшту.
Анда Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев дипломатия Ислам динин пайдубалы экенин баса белгилеп, дин кызматкерлеринин билимин бекемдөөгө шарт түзүп берген окуу жайдын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.
“Биздин дин кызматкерлери чет элдик илимий сапарга чыкканда дипломатиялык алаканын жол жобосун, чет элдик делегация менен жолугушууда алар менен болгон карым-катнашты, кызматташууну эрежесин аз да болсо бул окуу курсунан кабардар болушмакчы. Дин кызматкерлерине шарт түзүп берген окуу жайдын жетекчилерине терең ыраазычылык билдирем”,-деди Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев.
Окуу курсу эки тараптуу кол коюлган күндөн тарта башталды. Анда дин кызматкерлери аймактагы, дүйнөдөгү саясий процесстер тууралуу маалыматтарды алышмакчы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ