Menu

Англиядагы орус элчилиги кысымга учуроодо

Бөлүшүү:

Англиядагы Орусиянын элчилигинин ишмердиги ар тараптуу кысымга учуроодо. Бул тууралуу элчиликтин өкүлү орусиялык басылмага билдирди.

Солсберидеги тыңчы Скрипалдын уулануусунан кийин орусиялык бир катар дипломаттарды «тыңчы» деп атап, өлкөдөн чыгарган Англия бийлиги эми элчиликтин ишин да тыкыр көзөмөлгө алууда. Элчиликтин билдиришинче алар орус тараптын тыңчылык иштеринин алдын алуу шылтоосу менен алардын британ коомчулугу менен байланышына катуу тоскоолдуктарды жасашууда. Анткен менен консулдук өз миссиясын аткаруу үчүн коомчулук менен жакын мамиледе болуусу абзел. Бирок Англия коопсуздук кызматы Орусиянын дипломатиялык кеңсесинин тегерегин блокадалап, аны башкалардан бөлүп салды.

Эске салсак, ушул жылдын март айында болгон ууландыруу ишинде британ бийлиги Орусияны күнөөлөп, аны Борбордук чалгын кызматынын өкүлдөрү ишке ашырганын жарыялаган. Кремлдин четке какканына карабай, Англия жана бир катар европалык мамлекет өздөрүндө иш алып барган ондогон дипломаттарды тыңчылыкка айыптап, «Persona non grata (жактырылбаган адам)» макамын берип, өлкөдөн чыгарып койгон.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: