Menu

Экс-министр Мелис Турганбаевдин эсте калган окуялары

Бөлүшүү:

ИИМ министри Мелис Турганбаевдин отставкасы көпчүлүккө табышмак бойдон калды. Буга чейин маалымат каражаттарында “Турганбаев кызматтан кетет” деген сөздөр айтылганда, ИИМ тарабынан Турганбаевдин отставкага кетишине эч кандай себеп жок деген жооп болуп келген.

Мелис Турганбаев отставкасын өз арызы менен болгонун, иштен чарчаганын, эс ала турганы менен түшүндүрдү. Бирок, отставкага кеткени тууралуу маалымат ага берилбегенин да белгилеген. Ушул нерсе министрдин кызматтан кетүүсүндө табышмактуу жагдайлар орун алганынан кабар берет. Мелис Турганбаев эки жыл министр болуп турганда элдин эсинде эмнеси менен калды?

Турганбаевге көпчүлүк “Мелис байке” деп ат коюп алышкан. МАИ кызматкерлери жол эрежесин бузган “Лексус” үлгүсүндөгү авто унааны токтотууга аракет кылып, артынан кууп барганда, анын айдоочусу татынакай кыз колуңардан келгениңерди кылып алгыла дегендей түр көрсөтүп, “Мелис байкеге” айтам деген. Ошондон кийин Турганбаев “Мелис байке” болгон да калган.

Мелис “байкенин” эсте калган долбоору “Коопсуз шаар”. “Коопсуз шаар” коррупциялык иштерге аралашкан делип депутаттардын сынына кабылган. Бирок, министр ал долбоорду ишке ашыруу үчүн баардык аракетин жумшагандай болгону менен анысынан майнап чыккан жок. “Коопсуз шаар” кооптуу шаар боюнча эле калды.

Турганбаев кылмыш дүйнөсү менен катуу күрөш жүргүзгөндөй элес калтырган. Бирок, анысынан деле жарытылуу натыйжа чыкпады. Криматалыктар биринин-артынан бири абактан чыгып атты. Борбор шаардын көчөлөрүндө атышуу орун алды. Кайсыл криматалык колго түшкөнүн ИИМ так айта алган жок. Крим дүйнөнүн өкүлдөрү соттун чечими менен гана каттоого алынат экен. Турганбаев ИИМди жетектеп турганда бир гана адам соттун чечими менен каттоого алыныптыр. Бул криминал менен катуу күрөш жүрдү деп айтууга такыр болбойт. Мелис Турганбаевдин аты Алманбет Анапияевдин өлүмүнө аралашкан деп айтылган. ИИМ кызматкерлери Белоруссиянын тергөөчүлөрү Анапияевдин өлүмүнө шектүү деп жарыялаган Гүлжигит менен бир самолётто учуп келгендиги, аэропортто чогуу болгону тууралуу фото далилдер жарыяланган. Мелис “байкенин” отставкасы да ушул маселе боюнча болушу мүмкүн дегендер бар. Тергөө иштери жүрбөй жатып, Алманбетти Жаныш Бакиев өлтүргөн деген версияны биздин ИИМ айтып чыгып, буга ишенген президент Алмазбек Атамбаев белорусс бийлигине “канкорду” бербей катып олтурат деген сын айтып жиберип коомчулуктун алдында уят болгон. Ал тергөө иштери башкача болуп чыгып калышын билген эмес да. ИИМ аны уятка калтырган. Араң качып келдим деген Гүлжигитти суракка алып жатып, Жаныш Бакиевдин сүрөтү менен кошо казактардын маданият министринин сүрөтүн бир катарга коюп, анда да биздин ИИМ “позор” болгон.

Абактан качкан “террорчуларды” (аларды ушинтип атаган) жок кылууну жеке өзүнүн көзөмөлүнө алган Мелис Турганбаев ошондо эле кызматтан кетүү менен жоопкерчиликке тартылуусу керек болчу. “Достук” кичи районунда жалгыз Итибаевди жок кылууда карапайым эки адам окко учкан. Алардын өлүмү үчүн ошол операцияны көзөмөлгө алган министр Турганбаев жооп бериши зарыл эле. Милиция кызматкери каза болуп, аны көрсөткөн эрдиги үчүн алкоого алып, акыркы сапарга узатып койду. Артында калган үй-бүлөөсү кандай абалда калгандыгын эч ким ойлоп да койгон жок. Министр кыйшайбастан кызматында калган.

Кээ бир саясатчылар Мелис Турганбаевди “Конституция менен иши жок, баарын күч менен чечүүгө аракет кылган, чала бандит жетекчи” деп баа беришкен. Жаныш Бакиев “Искра” гезитине маек бергенде “Мелис Турганбаев наркотик сатып бизнес кылып жатат” деп айткан.

Турганбаевдин ИИМдеги жүргүзгөн реформасы деп МАИни жоюп, анын ордуна патрулдук милиция түзгөнү болду. Патрулдук милиция көчө жээгинде туруп алып авто унаа тоспойт деп айтканы менен “асфальттан” оокат кылышкан кызматкерлер азыр деле ар кычыкта туруп алып, “кайырмак” салып турушат. Бул реформасы да толук ишке аша элек. Мелис “байкенин” эсте калган окуялары ушулар. Жетишкендиктерге караганда калпыс иштерге аты көп аралашыптыр.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: