Жогорку Кеӊеште Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрасын шайлоо маселеси каралып, бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүү жыйынтыгында 109 добуш менен депутат Исхак Пирматов («Бир Бол» фракциясы) аталган комитеттин төрагалыгына шайланды. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы маалымдады.
Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Исхак Пирматовду тармактык комитеттин башчылыгына шайланышы менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады. Ал чоӊ ишеним көрсөткөнү үчүн өз кесиптештерине ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин мурдагы төрагасы Аскарбек Шадиев жакында биринчи вице-премьер-министрликке дайындалгандыктан, тармактык комитеттин башчылыгынан бошонуу тууралуу арызын калтырып кеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ