“Бишкек-Чалдовар” жолун оңдоого байланыштуу Чүй облусунун ПМБнын кызматкерлери тасксисттер менен кичиавтобустун айдоочулары арасында кырсыкты алдын алуу максатында баарлашышты. Автожолдорду оңдоо транспорттордун кыймылын татаалдантып, айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин сактоого, ага дыкаттык менен мамиле кылуу аркылуу жоопкерчиликтүү болууга чакырат. Бул туурасында Чүй ОИИББнын ПМБнын Басма сөз кызматы билдирет.
Ошондой эле, башка автоунаа менен катуу ылдамдыкта жарышуу жол эрежелерин бузуп, натыйжада оор кесепеттерге алып келүүдө. Катуу ылдамдыкта автоунаасын башкарып келе жаткан айдоочулар башка автоунаа менен жарышууда жол эрежелерин эске алышпай, кээ бир учурда рулду башкара албагандыктан карама каршы багытка арналган жолго буруп, чукул токтотууга аракет кылышат. Ушундан улам автокырсыкка кабылып, өзүн жана тегерегиндеги жарандарды кырсыкка дуушар кылууда.
Урматтуу айдоочулар, сиздер бир гана нерсени түшүнүүнөр керек- Жол кыймылынын эрежесин бузуу өңөй, ага бир эле көз ирмем жетиштүү. Бирок, жыйынтыгын эч качан оңдоого болбойт. Ар бир автоунаанын айдоочусу жолдо жүрүүдө кырсыкка кабылуудан мурун өздөрүнүн жүрүм-туруму жөнүндө ойлонушу кажет. Айдоочу жол кыймылынын эрежесин бузуу, ичимдик ичүү менен рулду башкарып, жазасыз калам деген ойдон алыс болуусу керек. Анткени, эртеби, кечби өмүр бою оңдолбос кырсыкка кабылып, кылган күнөөсү үчүн жоопкерчилик тартуучу күнда келет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ