Menu

Өзбекстанда сойкуканага барган өспүрүм бычак жеп өлдү

Бөлүшүү:

2-январда Өзбекстандын Сурхандарья облусундагы Денауск районунун сойкукана иштеткен 27 жаштагы жашоочусу 9-класста окуган кардарын жүрөккө сайып өлтүргөн. Бул маалыматты укук коргоо органдарынан ырасташты.

Өспүрүмдү өлтүрүүгө шектелип жаткан аял буга чейин сойкукана иштеткендиги үчүн соттолгон.

Райондогу активисттердин биринин айтымында, 2-январда жергиликтүү үч бала, анын ичинде 9-класстагы өспүрүм аялдын үйүнө барышкан. «Анда алар аялды талашып, ортодо уруш чыккан. Анан 9-класстын окуучусу үй ээсин сөгүп жиберген. Ал болсо ашкана бычагын алып, өспүрүмдү жүрөккө сайган», – деди ал.

Аялдын коңшулары буга чейин ал сойкукана иштеткендиги үчүн айыпка жыгылганын белгилешти. «Күбөлөр өспүрүм көчөгө качып чыкканда аны кубалап жеткен аял жүрөгүнө бычак сайганын айтып жатышат. Үйдүн кире бериши бүт кан болгон. Дубалдарында азыр деле кандын издери калган», – деди шектүүнүн коңшусу.

Учурда аялга карата адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: