CES 2018 көргөзмөсүнүн негизинде Hanson Robotics компаниясынын адистери София роботун буттары менен көрсөтүштү. Буга чейин ал кыймылдай алчу эмес, анткени буттары жок болгон. Бул туурасында lenta.ru жазып чыкты.
Софиянын жаңы мүмкүнчүлүктөрү тартылган видеону CNET басылмасы жарыялады. Учурда бул робот саатына бир километрлик аралыкты баса алат жана кээ бир бийдин кыймылдарын аткарат.
60 эмоцияны көрсөтүп, татаал эмес маек курууга жөндөмдүү бул андроид 2015-жылы активдештирилген. 2016-жылы Софиядан адамдарды өлтүрөсүңбү деп сурашканда ал “ооба” деп жооп берген. 2017-жылдын октябрында София Сауд Аравиясынын жарандыгын алган. Бул дүйнөдөгү жарандык алган эң биринчи робот болуп эсептелинет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ