Президент Алмазбек Атамбаевдин Индиядагы үч күндүк мамлекеттик сапарынын алкагында Делиде кыргыз-индус бизнес форуму өтөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнөн кабарлашты. Бизнес-форумдун жүрүшүндө эки өлкөнүн экономикалык, ишкердик чөйрөдөгү кызматташтыгы талкууланат.
Инвестиция жана экспорт боюнча мамлекеттик агенттиктин билдиришинче, бизнес-форумга орто жана ири бизнес өкүлдөрү, ишкерлер коомчулугу, бизнес ассоциациялар жана эки өлкөнүн соода-өндүрүш палатасы катышат.
Форумда Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалымат берилет. Өлкөнүн туристтик сектору, маалымат технологиялары, медицина тармагындагы долбоорлор талкууланат.
Атамбаев Индияга 18-декабрда барган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ