Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо департаменти бар. Бул мекеме өлкөдөгү дары-дармектерди көзөмөлгө алып, дарыкана дегендерди тескеп турат. Бир сөз менен айтканда тыйындуу жер. Бул майлуу жерге жетекчи болуп барам дегендер арбын. Эбин тапса эле илип кеткиси келишет. Мындан да бул департаменттин айланасындагы айтылган сөздөргө чекит коюлбай, имиштер уламдан-улам жаңыланат. Башкы прокуратура да бул департаменттин ишмердүүлүгүн текшерип жаткандай болгон. Ошол текшерүү иши аягына чыкканы калды өндөнөт. Башкы прокуратура департаменттеги коррупциялык иштерди жоюу боюнча сунуш катын Өкмөт башчыга жөнөткөнү маалым болду. Сунуш катта департаменттин башкы директору Рустам Курмановдун мындан ары кызмат ордунда калар-калбасы жана департамент менен министрликтеги тиешелүү адамдарды дисциплинардык жоопко тартуу сунушталат. Департаменттин ишин териштирүүнүн негизинде коррупциялык багыттагы 10 кылмыш иши козголгон. Маалыматка Караганда мамлекетке келтирилген материалдык чыгым 22 миллион 327 миң 715 сомду түзгөн. Бул сумма такталса Курманов курмандыкка чалынабы?
Булак: “Жаңы ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ