Menu

Москва районунда милиция кызматкерлери катуу ур-токмокко алынган, бирок сот жана тергөөчү бул кылмыш боюнча кармалгандарды коё берген

Бөлүшүү:

Чүй облусунун Москва районунда алдамчылыкка шектүү жаран жана анын агасы аларга барган милиция кызматкерлерин аёосуз сабашкан. Сот менен тергөөчү бул кылмыш боюнча кармалгандарды өлкөнүн аймагынан чыкпоо тууралу тилкат алып туруп, эркиндикке коё берген. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Чүй облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-октябрь күнү Сокулук районунун ИИБне алдамчылык боюнча арызы менен жабырлануучу кайрылган. Анын натыйжасында жабырлануучу эки опер кызматкери менен бирге Садовое айылына барган.

Белгилеп кетсек, милиция кызматкерлеринин бири милициянын формасын кийип жүргөн.

Баргандан соң алар шектүүгө жоолуккан, бирок ал өзүн өтө орой алып, кыйкырып, бул жердеги соттор жана милиция кызматкерлери менен жакшы тааныш экендигин айткан.  Укук коргоочулардын тынчтануу жөнүндө өтүнүчүнө көңүл бурган эмес. Ошол убакта шектүүнүн агасы келип, ИИБдин кызматкерлеринин бирин катуу урган, ал эсин жоготкон. Андан соң экөөлөп, экинчи милиция кызматкерин катуу сабашкан. Окуядан соң опер кызматкерлери ооруканага кайрылып, мушташтын чоо жайын башкармалыкка билдирген.

Бирок Москва районунун  тергөөчүлөрү шектүүлөргө карата эч кандай  чара көргөн эмес.

Шектүүлөр төрт күн бою эркиндикте жүрүп, адвокаттардын кийлигишүүсүнөн кийин гана аларга кылмыш иши козголгон.  Камакта алар бир күн отуруп, сот күнү алар өлкөнүн аймагынан сырткакетпөө жөнүндө боюнча тил кат менен бошотулган.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кол салуу оор кылмыш экенин, жана 5 жылдан 10 жылга чейин жаза каралганын, бирок эмнегедир бул окуяга көз жумулуп калганын күч структураларынын кызматкерлери айтып, кылмышкерлерге карата чара  көрүү зарыл экендигин талап кылууда.

Булак:KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: