Menu

Өз аймагынан 9% добуш ала албаган талапкер кантип депутат болот?

Бөлүшүү:

2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоо жакындаган сайын саясатчыларда уйку жок. Тыбырчылап эле чуркап жүрүшөт. Айрыкча кийинки шайлоодо өтпөй турганына көзү жетпеген саясатчылар шайлоодо партиялардын өтүү босоголук чеги 9%дан ылдый болуш керек дегендер чыгууда. Өткөн парламенттик шайлоодо жалпы шайлоочунун болгону 3% добуш алгандар, босоголук чек 3%га түшсүн деп боорду эзишүүдө. Эгерде 9%дык чек менен шайлоо өтсө күчтүү атаандаштык менен өтөөрү чын. Ал эми 3%дык чек менен өтсө парламентке 10го чукул партиянын киришин күтө берсек болот. Анда эле ЖКнын ашмалтайы чыгып, улам коалиция бузулуп, өкмөттүн иштешине жолтоо болоору бышык. Ар бир партия тизме бекиткенде аимактарда кадыр-баркы бар адамдарды тизмеге кошот эмеспи. Ар бир талапкер өзүнө бөлүнгөн аймактан 9-10% добуш ала албаса анда ал талапкер кантип депутат болот. Демек, партиянын өтүү босого чегин ылдыйлатабыз дегендин ордуна кайсы талапкер өз аймагынан 9%дан ашык добуш ала алат деген негиз менен “парттизме” түзүүнү ойлонгула бай болгурлар…

Махабат Мавлянова, ЖКнын депутаты:

– Жогорку Кеңеш шайлоодогу 9 пайыздык тосмону 2017-жылы эле, ушул эле ЖКнын депутаттары колдоп, өзгөртүү киргизгенбиз. Ошондо эмнеге азыр тескери пикирди айтып жаткан коомдук ишмерлер, азыркы кээ бир депутаттар унчугушкан жок эле. Жеке мен колдойм, керек болсо 12 пайызга чейин көтөрүү керек деген ойдомун. Ансыз да бир ууч эл жүздөгөн партияга бөлүнүп, жарылып жатабыз. Биз биримдик, ынтымагыбызды арттырып, башыбызды мамлекетти өнүктүрүү деген бир идеологияга бириктирип, иштешибиз керек.

Кылыч Исамамбетов, жеке ишкер:

Биринчиден, канча талкуулап, ар кандай пикирлер айтылбасын 9 пайыздык тосмо ошол боюнча калат, анткени кабыл алынган мыйзам. Бул бийликке да ыңгайлуу болуп турат. Экинчиден, 9 пайыздык добуш ала албаган талапкер болбошу керек. Артында 9 пайыздык колдоочусу жок кандидат элдин көйгөйүн чечип жиберет деп ишене албайм. Чындап келгенде 9 пайыз деген чек аз эле. Мен 2015-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районунан 45 пайыз колдоо алгам. Ошондуктан элдин ишенимине чындап кирген адам, талапкер бул чекти көп дебеши керек.

Ишенбай Кадырбеков, коомдук ишмер:

– Оппозиция жана бийликтен башкача ойлонгондор парламентте болушу керек. Акаев Конституцияны тогуз жолу өзгөртүп, бардык ыйгарым укуктарды өзүнө топтогон. Акыр аягында сараңдык кылып парламентти толугу менен өзүнө алгысы келген. Эми азыр ал кайда? Ушундай эле тагдырды Бакиев башынан өткөрдү. Кайсы гана президент болбосун Жогорку Кеңешти кол бала кылгысы келген жана кылгысы келе берет. Мейли, президент эки партиясын парламентке алып келип, баарын башкарсын. Бирок оппозиция сыртта калат да, курултайлар башталат. Тогуз пайыздык босогонун кесепетинен президент коркушу керек. Анткени ал бардык бийликти колго алам деп жатып, революциялык кырдаалга туш келиши мүмкүн.

Төрөбай Зулпукаров, ЖКнын депутаты:

– 9 пайыздык босого Республика Ата-Журт фракциянын депутаттары тарабына сунушталып, мыйзам 2017-жылдын 5-июнь айында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда жарлыкка кол коюлган. Мыйзам 2020-жылдан баштап иштейт. Мыйзам үч окуудан өз мөөнөтү менен кабыл алынган. Негизи мыйзам кабыл алынып жатканга чейин коомдук угуулар болот. Коомдон же башка саясий партиялар тарабынан бир да сунуш 9 пайыздык босогону алып салуу жөнүндө сунуш түшкөн эмес. Жогорку Кеңеште көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен өткөн. Мыйзам демилгеленип жаткан учурда, 1-2-3-окууларда бир да саясий партияларды же лидерлерин же болбосо депутаттарды 9 пайыздык босого кызыктырган эмес. Эмнегедир азыр кызыктыра баштады. Себеби, биринчиден Кыргызстанда шайлоого катышкан жарандардын саны 1 700 000 болсо 3 пайыз деген 50 000 ден кичине ашыкчараак добуш. Бирок кээ бир райондор бар 100 000 ден 200 000ге чейин шайлоочусу менен. Региондук, эмес райондук партиялар түзүлүп калышы толук мүмкүн. Региондук 07 пайыз босогону басып өтүү жеңил.

Экинчиден, партиялар кошулуп, чоңоюп бирдиктүү күчтүү программасы менен чыкса эмнеси жаман. Бул партиянын ичиндеги диктатуранын жок болушуна жол ачылат.  Партиялык системанын өнүгүшүнө өбөлгө болот.

Үчүнчүдөн, партиянын алдыңкы тизмеге туруп алган 3 же 4 киши үчүн калган тизмедеги талапкерлер иштеп бериш керекпи?

Төртүнчүдөн, парламентте коалиция туруктуу болбой өкмөт тез-тезден 11 отставкага кетип турат. Өкмөттүн курамында профессионал кадрларды тандап алуу мүмкүнчүлүгү жок болуп жоопкерчиликтүү саясий күч болбойт. Бул көрүнүштөр мамлекеттин экономикасына түз таасир берип турат.

Темир Сариев, мурдагы өкмөт башчы:

– Парламенттин көпчүлүгүн биз көрүп турабыз. «7 пайыздык босого чек менен күчтүү парламент болот» деп алып келген парламент — бүгүн ушундай акыбалда болуп турат. Эртең 9 пайыз болот десе «Ай өтүшүбүз кыйын болуп калат экен, бийлик менен барып  ыкташышыбыз керек» деп, биз мындан дагы ийкемдүү парламентке туш болуп калабыз.

Жеңиш Молдокматов, “Замандаш” партиясынын төрагасы:

– Эгерде мурун мандаттын эң жогорку баасы 300 миң доллар болсо, азыр ал 300 миң доллардан башталат. Ал эми «алтын орун» дегендери 500-700 миң доллар болсо, эми 1 млн. долларга чыгат. Шайлоочунун добушу 1000-1500 миң сом болсо, ал 3000 сомго чейин көтөрүлөт. Андан тышкары тогуз пайыздык босого саясий партиялардын жетекчилеринин үстөмдүгүнө алып келет. Талапкерлер партия лидеринин эле көзүн карап калышат.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: