11-март күнү Бишкек шаарындагы Орто-Сай айылында белгисиз адамдар 11 жаштагы баланы уурдоого аракет кылышкан. Бул тууралуу Ленин РИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 13-мартта билдирди.
Алардын айтымында, 11-мартта милицияга С.М. аттуу жаран кайрылган. Ал Орто-Сай районунда болжол менен саат 13:45те “Хонда Аккорд” унаасындагы белгисиз адамдар 11 жаштагы баласын уурдоого аракет кылганын айтып, аларга карата чара көрүүнү суранган.
Аталган факт КРнын Жазык кодексинин 170-беренеси (адам уурдоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ