Брюссель автобекетинде полиция жардыруу делген окуяны иликтөөдө. Видеобайкоодогу тасмалардын биринде эки метрге жетпеген уюлгуган түтүндү көрүүгө болот.
Брюсселдин аскер кайгуулу автобекеттин имаратында жанкечти кемерин курчанып жүргөн делген шектүү кишиге ок чыгарды. Анын өлгөн-өлбөгөнү тууралуу расмий маалымат жок.
CNN телеканалы менен NBC News радиосу шектүү жок кылынганын билдиришүүдө.
Армия жана полиция бөлүктөрү кырдаал көзөмөлдө экенин маалымдашууда.
https://youtu.be/ceIXF-Gbl6M
Бельгиянын борбору Брюсселдеги бул сыяктуу окуялар өзгөчө көңүл бурдурат. Акыркы жылдары европалык башка шаарларда жардыруу уюштуруп, кол салган бир нече террорчу дал ушул Брюссель менен байланышта болушкан. Журналисттер Брюсселди “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун француз тилдүү бөлүмүнүн “борбору” катары эсептешет. Бул эл аралык террордук топ Парижде жана Брюселдеги кандуу кол салуулар үчүн жоопкерчилик алган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ