2017-жылдын 15-17-августунда, Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны өтөт. Белгиленген жолугушууну жогорку деңгээлде өткөрүүгө карата даярдык иштери тууралуу бүгүн, 7-августта, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев уюштуруу багыттары боюнча жыйын өткөрдү. Бул туурасында Өкмөттүн расмий сайты маалымдады.
Анда тышкы иштер министрлиги менен экономика министрлигинин өкүлдөрү көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу толук маалымат берди.
2017-жылдын 15-17-августунда, Чолпон-Ата шаарында өтө турган Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандык кесиптеши Абдулла Арипов менен жолугат.
Мындан сырткары жолугушуунун алагчкы күнүндө эки тараптуу кызматташууларды бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, айыл-чарба, энергетика, транпорт, туризм, социалдык жана экономикалык багыттагы бир катар келишимдерге кол коюлат.
Жыйындын экинчи күнүндө кыргыз-өзбек чек араларын делиматациялоо жана демаркациялоо боюнча маселелер талкууланат.
Биринчи вице-премьер-министр алдыда боло турган Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча бардык тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырма берип, алардын аткарылышы тууралуу жуманын соңунда тиешелүү жетекчилер Биринчи вице-премьер-министрге толук маалымат беришет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ