Menu

Улукбек Маматаев, активист: “Оппозиция баардык мамлекеттерде бар, жок кылып салуу акылга сыйбаган нерсе”

Бөлүшүү:

 

— Улукбек байке, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыровдор менен чогуу бир команда болуп жүрбөдүңүздөр беле. Азыр алар абакта, барып жолугуп жатасыздарбы?

— Кептин баары ошондо болуп жатпайбы. Сотко келгенде мен эле эмес, өзүнүн бир туугандарын, келинчектерин, балдарын жолотпой жатышат. Кичинекей балдарына да көрсөтпөй, сот жабык өтүүдө. Мен сот иштерине барып катышып жатам. Өздөрүн моралдык жактан жакшы кармап жатышат. Негизи сот бүтүп деле калды. Күбөлөрдүн баары суралып бүттү. Күбөлөрдүн ичинен бир-эки гана адам буларга каршы көрсөтмө берди, калгандарынын баары экөөнүн пайдасына сүйлөп берип жатышат. Кандайдыр бир түшүнүксүз абал болуп жатат.

— Коюлган беренелери оор, бери эле дегенде 10 жылдан ашык убакытка отургузула турган экен да?

— Оор кылмыш жасап, мамлекетти төңкөрүш кылып басып алгандарга коюлчу берене. Дал ушул берене Ташиевдерге коюлган. Экөөнүн айырмасы бар. Мисалы, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров кыймыл аракет кылышкан жок. Ташиевдерде кыймыл аракет деп иш козгошкон. Сөз үчүн камап жатышат.

— Сөздөр такталдыбы?

— Сөздөрдү дагы экспертизага беришти. Алматыдан чыгып келиптир. Бектур Асановдун аялы “Алматыдан баарын чыгарып келдик. Үн такыр башка адамдыкы экен”-деп безилдеп жүрөт. Бизде камайм деген кишини камай берет экен да. Каалаган адамын кызматка деле коюп жатышпайбы. Кыргызстандын тарыхында болбогон көрүнүшкө аралашып жатабыз.

— Өздөрүнө жолугууга жол издеген жоксузбу?

— Өздөрүнө кантип жолугабыз? Жактоочу гана жолугуп чыгып абалдарын билип жатабыз. Прокурор менен соттор билесиңер кимдин буйругун аткарат. Жогорудагы берене менен кете турган болсо он жылдан ашык убакытка соттолуп кетиши мүмкүн.

— Үй-бүлөсүнүн абалы айтпаса деле түшүнүктүү да?

— Жалгыз үй-бүлөсү кыйналып жатат. Бир кезде бул экөөнү тегеректеп, аке-жакелеп жүргөндөрдүн бирөө да жок. Адамдын жүзү жамандык-жакшылыкта билинет деп айтылган сөз бекер эмес экен. Колдогондор деле бар. Алар карапайым адамдар.

— Түрмө деген түрмө, бирок экөөнүн жаткан шарттары жакшы эле бекен?

— Андай эмес, тилекке каршы. Жада калса гезит, журнал окуу укугунан бери ажыратып, өтө оор шартта кармалып жатышат. Жок дегенде түрмөдө кармашса дагы жакшы шарттарды түзүп беришсе жакшы болот эле. Өтө оор кылмыш жасагандарга деле абактын ичинде жакшы шарт түзүлөт экен. Ага караганда бул экөө аз болсо да кыргызга эмгеги сиңип, төбөсү көрүнгөн балдар эле. Мен учурдан пайдаланып жогору жактагыларга кайрылат элем. Абактагы абалдарын жакшыртып бериңиздер. Мындай абалга качан жеткенбиз? Түздөн-түз саясый көрсөтмө экени көрүнүп турат. Пикет, митинг кылам дегендин баарын камай берсе түрмөлөр чак келбей калат

— Сиздер биргелешип иш алып барып жүргөн партиянын иши эмне болуп жатат?

— Шаардык кеңешке шайлоого катышып жатабыз. Шайлоого 13 партия катышат деп жатат. Биз Жашылдар партиясы менен биригип чыгып жатабыз. Бизден башка партиялардын баары дудуктар. Шаардын ысык-суугун билишпейт. Мен өзүм шайлоого баратам, жыйынтыгын көрө жатаарбыз.

— Өтөм деп ишенесизби?

— Азыркы бийлик турганда, өтөөрүбүз арсар. Өткөрбөй койгондо деле барып булар менен күрөшө беребиз.

— Кечээки өкмөт куралганда карап турдуңузбу?

— Азыр мамлекеттик идеологияны бузушту. Жаштарыбызга иштебей, тажырыйба топтобой, билим албай туруп министр боло алат экенбиз, ал үчүн президентке жакын адам болсок болду деген туура эмес багыт берилип жатат. Жада калса жан сакчысына чейин чоң-чоң кызматтарга коюп жатканын көрүп жатабыз. Жаштарыбыз билим дегенге умтулбай, ой-максаттары такыр башкача боло баштады. Бул өтө жаман тенденция. Мындай нерсе болбош керек эле. Президент кетем эле дебей, өзүнүн күчтүү командасын калтырып кетиши зарыл болчу.

— Президенттин командасы начар дейсизби?

— Ким гана болбосун өзүнө каршы сүйлөгөн адамды өз тарабына өткөргөнгө аракет кылат. Өтпөсө тил табышканга аракет кылса болмок. Сага бирөө сын айтып жатса, ага терикпестен тескерисинче жакшы жактарын көрсөтсө болмок. Оппозиция эмне душманбы? Оппозиция баардык мамлекеттерде бар, жок кылып салуу акылга сыйбаган нерсе. Анчалык күчтүү президент болсо жакшы иши менен көрсөтүп кетсин. Койгон кадрларды эле карагыла?

— ИИМге койгон жан сакчысы тууралуу айткыңыз келип жатабы?

— Бир эле ИИМ министри эмес. Улан Исраилов жада калса депутаттардын өтө жөнөкөй суроосуна жооп бере албайт экен. “Кагазды карайын, тактайын”-дейт. Аны кызматка алып келген адам уят болуп жатат да.

— Сиздин оюңузча ким министр болушу керек эле?

— Мен азыр атын атасам башкалар эртең “Ии Улукбек ушул менен жакшы турбайбы?”-деп чыгышат. Чынын айтайын күч түзүмдөрүндө менин бир дагы тааныштарым жок. Бирок ИИМдин ичинде иштеген тажырыйбалуу, чынчыл балдарыбыз абдан көп. Баардык эле милицияны жамандаганыбыз жарабайт. Балык башынан сасыйт дейт. Башындагыларды тазаласак, калгандары да таза иштемек. Таза иштеп, чындык сөзүн айтып жүргөндүгү үчүн чин ала албай жүргөндөр көп. Ошондуктан мындай жерден жакшы кадрларды сууруп чыкса болмок. Азыркы келген министр аман эле болсун. Иштеп кетээр көрөбүз. Мамлекеттик башкаруу багыты такыр жоголду.

Булак: Жаңы Ордо 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: