Депутат Мирлан Бакиров Жалал-Абадда шайлоо алдында калыстык болбой жатканын айтып чыкты. Мындай оюн ал парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди. Ал өз сөзүндө: “Жалал-Абад шаардык кеңештин шайлоосуна жети партия катышат. Бирок атаандаштык калыс болбой жатат. Мугалимдер окуучуларды шайлоого ата-энелериңердин алып келесиңер десе, РЭСтин инспекторлору акча чогултпай эле тизме түзүү менен алек”, -деп коңгуроо какты. Ошондой эле мурунку шаар мэри кайсы бир партиядан талапкер катары кетип жатканын, мамлекеттик кызматкерлер чарба менен эмес, шайлоо менен гана алек болуп калганына каңырык түтөттү.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ