Menu

Тагдыр: “Кайнежемдин кесепетинен үй-бүлөмдөн ажырадым”

Бөлүшүү:

Бүгүнкү каарманыбыз бир кездеги бактылуу турмушун өзүнүн бир тууган кайнежеси кантип бузганын ачык айтып, ошону менен бирге учурдагы абалы тууралуу төмөндөгүдөй маалыматтарды берди. Мараттын бул баяны балким башкаларга сабак болуп калгысы бардыр…

– Бойдок кайнежемдин мага кылган кыянаттыгын эстегенде аны жаткыра чаап, андан ары баарын жыйыштырып соттолуп кетким келет. Бул эми ачууга алдырганда кармана албай айтылган сөз болуп жатат. Бирок, ал киши чындыгында ушундай сөздөргө татыктуу экен. Аялым экөөбүз ынтымактуу эле жашачубуз. Балээнин баары эрден чыккан кайнежем биздин үйгө көчүп келгенден тартып башталды. Ал биздин жеке турмушубузга жөнү жок эле кийлигишкени аз келгенсип, кийинки учурларда аялым экөөбүздү ачык эле кайраштыра баштады. Анын тилине кирген аялымдын кыял-жоругу да өзгөрдү. Кээде экөөлөп жемелегенди кадимки адатка айландырышканда айла жок чыдап жүрдүм. Акыры чыдоонун да чеги болот эмеспи. Өзүмдүн үйүмдө өзүм кор боло баштаганыма ызаланып:

– Бул «үйдө мындан кийин сени менен мен жашагандай болоюн же эжең жашасын,-дедим ачыгын айтып.

– Турмушу бузулган адамга теңелбей эле койбойсуңбу! – деп аялым итиреңдеди.

Анын бул сөзү эмнегедир мага жакпагандыктан тилиме ээ боло албай:

– Энеңди! Эжеңди эринен мен ажыраштырыптырмынбы?!-дедим ызырынып.

– Эмне сөгүнөсүң? Энемден айлангыр! – деген аялым эшикти тарс жаап сыртка чыгып кетти.

Ошол маалда төркү бөлмөдөн көздөрүн ушалап уйкусураган кайнежем чыга калып:

– Эй акмак! Менин эрим менен кандай ишиң бар? Аялдарга теңелип айтышкан эркек сыягы жок бир бечара турбайсыңбы, – деп намысыма тийип сүйлөдү.

– Оозуңузга карап сүйлөңүз. Эрсиреп калганыңыз үчүн эмне кыларыңызды билбей менден күчүңүздү чыгарып жатасыз да, ээ – десем эле кеп-сөзгө келбей долуланып ыйлай баштады.

Андан кийин ар-намысыма шек келтирип ар кандай сөздөрдү айтканда колумду шилтеп үйдөн чыгып кеттим. Үйгө ошол боюнча баргым келбегендиктен кайнежеме эрегишип эки күн досторумдун үйүндө жүрүп калдым. Аттиң… Ошондо жаңылган экенмин. Көрсө, кайнежем менин үйдө жогумдан пайдаланып кайындарыма ойдон чыгарылган ушак сөздөрдү таратып жибериптир. Алар тигинин сөзүнө ишенишкендиктен атайын чогулуп алып үйгө келишиптир. Үйгө келсем мени ортого алышып туш тарабымдан талай башташты. Айрыкча сөз укпаган ажаан кайненем:

– Тузум ургур! Кызымды какшатып эки күндөн бери кайсы аялдар менен көңүл ачып жүрөсүң? – дегенде ак жеримден күнөөлөп жатканына чыдай албай ага каяша айтып:

– Урдум баарыңды! Адам эмес экенсиңер, – деп үйдөн биротоло чыгып кеттим.

Ушул жагымсыз окуядан кийин өзүнчө батирге чыгып жашаганга туура келди. Анда да кайнежемден кутулбас болдум. Телефонума кекеткен СМСтерди жөнөтүп тынчымды алганда сим-картамды алмаштырып салдым. Билинбей эле арадан бир ай убакыт өтүп кеткен экен. Бул мезгилдин аралыгында мен тууралуу айылда ар кандай айың кептер тараптыр. Бир күнү базардан чыгып келатсам бир айылдашым жолугуп:

– Маке, куш бооң бек болсун! Сен бир аялдын үстүнө кирип жашап алган турбайсыңбы, – десе болобу кыжырымды келтирип.

Ага өзүм тууралуу канчалык түшүндүрсөм да эч ишенбей койду. Анын айтымына караганда акчага көпкөндүктөн аялымды чанып таштап кеткен имишмин. Ой тобо! Менде кайдагы акча? Өзүм мамлекеттик кызматта иштеп араңдан зорго 8 миң сом айлык алсам… Ошентип, мен үчүн жалаң жамандыктын «эмблемасындай» болгон кайнежемдин кесепетинен үй-бүлөмдөн ажырадым. Турмушум бузулгандан бери сөз көтөрө албай калдым. Азыркы кезде ар нерсени ойлонуп жатып эч кимге жакшылык жасагысы келбеген ташбоор адамга айлана баштадым. Эки баламдын атасыз чоңоюп жатканы эсиме түшө калганда минтип тирүүнүн өлүгүнө айланып жер бетинде басып жүргөнүмө кээде арданып кетем. Алардын да менден көңүлү калган окшойт. Телефон чалсам трубканы таптакыр алышпайт. Аялымдын болсо жарашайын деген ою жок. Аны кимдир бирөөлөрдөн кызганып жатып акылымдан айнып бараткансыймын. «Ачуу – душман, акыл – дос» деген сөз бекеринен айтылбаптыр. Бул сөздүн маанисин эми билип жатам. Бирок тагдырымдын ушинтип талкаланышына кайнежемден тышкары өзүм да себепкер болдум. Ал кишиге эмне демекчимин? Жаман болсо да аман болсун! Башка айтарым жок…

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: