Menu

Ишенбай Кадырбеков: “Коррупция болуп жатканы мурдатан эле көрүнүп турган, Атамбаевдин айлансында жүргөн, кечээ эле эч нерсеси жок адамдар миллиондогон долларларды оңго-солго сапырып калышпадыбы”

Бөлүшүү:

– Акыркы кездеги ачыкталып жаткан коррупциялык иштерге көз карашыңыз кандай?

– Мындай коррупциялык иштер болуп жатканы мурдатан эле көрүнүп турган. Атамбаевдин айлансында жүргөн, кечээ эле эч нерсеси жок адамдар миллиондогон долларларды оңго-солго сапырып калышпадыбы. Ал акчалар асмандан түшкөн жок да. Баары коррупциялык негизде келип атканы көрүнүп эле турду. «Коррупция менен күрөшөбүз» дешкени менен саясый атаандаштарына иш козгоп, түрмөгө отургузуп, алардын эркин сындырууга гана далбастоодон башка иш аткарылган жок. Президент өз кишилерин акча түшө турган жерлерге отургузуп атты. Азыркы бийлик ал кишилердин баарын алмаштырып баштабадыбы. Саясатта өз киши болбойт, кызыкчылык гана бар. Азыркы президент ушундай иштерден алыс болсо, мамлекетибиздин келечеги бар. Эгер катачылыктар кайталанса, арты өкүнүчтүү болот. Бирок, Сооронбай Шариповичке даты ишеним 100% эмес. Бул бийлик деле коррупциянын булагы менен күрөшпөй, натыйжасы менен күрөшүп баштады. Мындайча айтканда, «ким кармалса, күнөөсү аныкталса, ошону камайбыз» деп күтүп отурушат. Коррупция менен күрөш андай болбойт. Бул жөн эле саясый ураан болуп жатат.

– Коррупцияга шектелип аткан чоң фигураларды жазалоо кыйынга туруп аткандай…

– Азыркы бийликтин күчү жетиши өтө кыйын. Коррупция менен күрөшүүдө талаптарды аткара турган адамдардын баары мурдагы бийликтин мүчөлөрү. Эл Саляновага адилеттүү өкүм чыгарын күтүп жатты эле, эмне болду? Теңирден тескери жыйынтык болду. Эң кур дегенде биринчи инстанцияга жиберип, «дагы изилдеп көргүлө» десе болмок. Азыркы сот дагы, башкы прокурор – баары бири-бири менен байланышкан адамдар. Булар тапканын бөлүшүп жүргөндөр. Буларды тазалаш үчүн өтө чоң күч керек. «Аткаргыла» деп буйрук берилгени менен тигилер чоюп жүрүп, иштин жыйынтыгын тескери чыгарышат. Экинчиден, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков КСДПнын мүчөсү болуп, ушулар менен чогуу жүрүп, достошуп, партиянын күчү менен президенттикке келди да. Мына ошолордон бошонуш өтө кыйын. Эгер Сооронбай Жээнбеков татыктуу президент болом десе, ишти чоюп жүрбөш керек. Ар бир күн президентке каршы иштеп атканын билиши шарт. Жаңы келди, эл колдоп атат, авторитети чоң болуп турат, ушундай маалда камачусун камап, жаңы команда түптөп иштеши зарыл.

– Мурдагы бийликтин пландары кандай болушу мүмкүн?

– Атамбаевдин командасы келе жаткан парламентгик шайлоого катышып ошондон утуп алып, азыркы президентке «ответ» берүүнү болжошууда, «коё тур, эки жылдан кийин көрсөтөбүз» деп Радио, ТВларды ачып алышкан. Өздөрүнө жаккыдай маалымат менен элге таасир берип отурушат. Булар азыркы президентке бийликти жөн эле карматып коюп отуруп калышпайт. Кайра бийликке келгенге болгон күчүн жумшашат.

– ТЭЦ боюнча козголгон кылмыш иштерине көңүлүңүз толдубу?

– Эч кандай көңүлүм толгон жок. Чала иш болуп атат. Кептин баары акчаны жеп, бөлүп алганында эмес, ТЭЦ боюнча келишимди түзүп аткаңда «эмне үчүк 100% акча Кытайдын иштеген кишилерине, ошолордун жабдууларына, курулушчуларына кетти? Эмне үчүн 50% акча өзүбүздүн өндүрүштө иштеп аткан курулушчуларга бөлүнгөн жок?» деген суроо менен жоопко тартыш керек болчу. Булар андан качып атышат. «Аттин, видеокамералар кымбат алынган» деп «мелочтор» менен алаксытып отурушат. ТЭЦте коррупциялык иштин башаты аттиш эмес…

– Аталган иштер боюнча Жогорку Кеңештин талкуусун көрдүңүз да?

– Көргөндө не? Азыркы Жогорку Кеңеш бир колун көтөрүп бир калыпта турду эле, жаңы президент келгенде теңирден тескери кетишти. Ушул команда менен келечекти куруш мүмкүнбү? Бул өтө чоң маселе. Азыркы мыйзам менен бийликти оңдоп, тазалоо мүмкүн эмес. Жогорку Кеңешке келген депутаттардын деңгээли жогоруламайын ЖКдан эч майнап чыкпайт. Бул депутаттарды эл шайлаган жок да. Эл добуш гана берди. Депутаттардын тизмесин лидерлер гана чечип коюп атышат. Лидерлер ким акча берсе, ким жакын адамы болсо, ошону депутат кылып алып келишти. Ушундай жоопкерчиликсиз жол менен келген депутаттардан олуттуу иштин жыйынтыгын күтүп деле болбойт. «Шайлоо системасын оңдош керек» деп президент айтты. Бирок эч кандай иштер аткарыла элек. Тегерек үстөлгө барып, эки жолу жумушчу топтун сунуштарын уктум. «Шайлоо философиясын ордуна алып келип, шайлоону шайлоочулардын колуна берели» деген ойлору да жок. Парламент эле эмес, азыркы президент дагы, премьер-министр дагы суунун агымы менен эле калкып кетип баратышат. Колдорунан иш келе элек. Бул бийлик деле куру сөз менен эле калат өңдөнүп калды.

Асел Нарынбаева

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 70 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: