Menu

Кудай сакта! Кыргызстанда “Кудай” көбөйдү

Бөлүшүү:

23-октябрда өзүн Кудай атаган Арстанбек Абдылдаевдин тарапташтары маалымат жыйынын өткөрүштү. Алар дагы өздөрүн Кудай аташып, өздөрүнө карата да кылмыш ишин козгоону укук коргоо кызматтарынан талап кылышты. Эгер сот бул талаптан баш тартса, анда өздөрү милиция, сот, прокуратурага барышарын да эскертишти.

Катышуучулардын бири кесиби боюнча кардиолог дарыгер Рано Арапова Арстан Алайдын чын эле Ааламдын элчиси экенине ишендирүүгө жанталашып аракеттенди.

“Ал бийлик кыргыз элинин улуулугун даңктай албайт, адамзатты сактай албайт деп айтканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине кириптер болду. Эски түшүнүк боюнча Кудай деген түшүнүк материя эмес, энергия”, – деди Арапова айым.

Дагы бир катышуучу Элвира Сатыбекова: “Биз дагы Кудайбыз. Биз да өзүбүздү Кудай деп жарыялайбыз. Эми бизге карата да кылмыш ишин козгошсун. Эгер козгошпосо эртең Биринчи май ИИБине барып, кылмыш ишин козгоону талап кылабыз”,- деп догурунду.

Ошондой эле ал теңирчиликти дин катары каттоону талап кылышаарын да белгиледи.

Арстан Абдылдаевге жакында кылмыш иши козголгон.

Андан мурда бул маселе парламентте да талкууланып, өкмөткө караштуу дин иштери боюнча комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешов өзүнө суроо берген депутатка Абдылдаевдин “Мен Кудаймын” деп айткан сөзү экспертизага жиберилгендигин билдирген. Биздин билишибизче, тиешелүү экспертизалык жыйынтыкты муфтият чыгаруусу керек. Молдокелер азырынча жооп берише элек.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: