Республика аймагында жүрүп жаткан рейддердин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Чүй жана Ысык-Көл облустары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2017-жылдын 19-июлунда Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача-Суу айылынын 25 жаштагы О. Т. аттуу тургуну 1 кг. 100 гр. кара куурай менен кармалган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Ошондой эле Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылында жайгашкан “Фонтан” эс алуу жайынын түндүк жагынан, Каракол шаарынын 29 жаштагы Б.А. аттуу жашоочусунан 423 гр. марихуана табылган. Жогорудагы фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 246-беренесинин (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) негизинде кылмыш иштери козголгон.
Азыркы убакта бул кылмыштарга тиешеси болгон башка кишилерди аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ