Menu

Түркиялык банк “Азаттыктын” бажы тармагындагы аткезчиликти иликтөөдө көрсөткөн документтерин жалган деп билдирди

Бөлүшүү:

Түркиялык банк “Азаттыктын” журналисттери бажы тармагындагы аткезчиликти иликтөөдө көрсөткөн документтердин аныктыгын ырастаган жок. Документтерди, ошондой эле банктын расмий жообу  Матраимовдордун адвокаттары тарабынан жарыяланган.

Ошентип, банктын жообуна ылайык, Фонд Вуфули Боалиамдан болгону 200 миң доллар алган. Матраимовдордун жактоочулары “Азаттыктын” иликтөөсүндө көрсөтүлгөн которуулардын дүмүрчөктөрүн текшерүү үчүн түркиялык банкка өткөрүп беришкен.

“Биз түркиялык “Иш банк” банкынан жооп алдык. Алар берилген документтер боюнча бардык маалыматтарды текшерип, жараксыз экендигин жана мындай которуулар болгон эместигин ырасташты. Журналисттер дагы башка төлөм кагаздарын көрсөтүштү, алардын ичинде 2,3 миллион доллардын калган бөлүгү түркиялык “Кувейт” банкынан которулган имиш.  Жакын арада алардан да жооп алабыз ”, – дейт Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн жактоочулары.

Белгилей кетсек, “Азаттыктын” иликтөөсүндө Айэркен Саймаити Матраимовдорго таандык болгон кайрымдуулук фондуна 2,3 миллион долларды которгону айтылган. Ошондой эле, алар аны тастыктаган документтерди беришкен.

Бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимов (журналисттик иликтөөнүн башкы фигуранты) иликтөөнү жалган жалаа деп атаган. Ал жана анын бир тууганы – Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов сотко кайрылып, «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын былтыр, 9-декабрда сотко берип, жалпысынан алганда, 60 миллион сомго доого жыккан.

“Урматтуу “Азаттык”, кетирген одоно катаңарды жаап-жашырууга аракет кылууну токтоткулачы. Матраимовдордун үй-бүлөсүн каралап жатканыңарга бир жыл болду” – дейт жактоочулар.

“Былтыр кышында “Азаттыктын” адвокаттары Саймаитиден алган документтердин чын-төгүнүн тастыктоо өтүнүчү менен Нью-Йорк аймактык сотуна кайрылган. Адвокат Акмат Алагушев соттун чечимин бизге жиберүүгө шашылган. Бирок, алар ошол бойдон жок болду. Биз америкалык соттун чечимине түркиялык банктар эмне деп жооп бергенин такыр билбейбиз. “Азаттык” бул тууралуу унчукпай коюуну чечти”- дейт жактоочулар.

Акырында, алар “Азаттыктан” америкалык сотко кайрылган кайрылуунун натыйжасын көрсөтүүнү талап кылышууда.

“Сенсациянын артынан кубалап, “фейк” документтерди жарыялап, алар аркылуу иликтөөңөрдү Матраимовдорго байланыштырып чыкканыңарды эл алдында мойнуңарга алгыла. Биз расмий жоопторду Матраимовдордун ар-намысын коргоого багытталган соттук процесстин материалдарына сөзсүз тиркейбиз”  – дейт адвокаттар.

Эске салсак, журналисттер бажыдагы контрабандалык иш боюнча иликтөөсүн жарыялап, коомдо чоң резонанс жараткан. Анда 2011-2017-жылдарда кытайлык уйгур Айеркен Саймайти Кыргызстандан чет өлкөлөргө банк аркылуу которгон 700 млн долларды Раим Матраимов өлкөдөн чыгарып кеткен деп жарыялаган. Бул иликтөөнүн негизги булактарынын бири – Айеркен Саймаити болгон. Журналисттер жарыялаган документтерди ал өзү берген. Алар менен сүйлөшкөндөн бир нече жума өткөндөн кийин, Саймаити Стамбулдагы кафелерде атып өлтүрүлгөн. Ал боюнча кылмыш ишинин тергөөсү аяктай элек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: