Бүгүн, 7-сентябрда “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын тарапкерлери БШКнын партияны 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого катыштырбоо аракетине каршы нааразычылык акциясына чыгышты.
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын Бишкектин Турусбеков көчөсүндөгү кеңсесинин алдынан партиянын желектерин көтөрүп чыгышкан узун колонна Бишкектин Административдик сотуна чейин марш менен келишти. Жол катар өздөрүнүн саясый талаптарын кыйкырып, элге угузуп жатышты.
Эске сала кетсек, 3-сентябрда БШК 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесин съездден кийин оңдолгон деген шылтоо менен каттабай коюп, шайлоого катыштырбоо аракетин көрүп жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ