Бишкекте айдоочулардын документтерин каттоо үчүн өзүнчө тейлөө борбору ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев билдирди.
Анын айтымында , кечээ 21-майда “Унаа” мамлекеттик ишканасына кайрылгандар көп катталды. Көпчүлүгү унаанын ишеним каттары боюнча келишкен. Ошондой эле кызматтарды санариптештирүү боюнча сунуштар айтылып келген. Анын негизинде “Инфоком” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте чоң долбоор даярдалууда. Жакында калкты тейлөө жайларынын кызматтары мобилдүү тиркеме аркылуу ишке ашып баштайт. Ошондой эле айдоочулардын документтерин каттоо боюнча тейлөө кызматын көрсөткөн жай ачылат. Бишкекте мындай жайлардан экөөнү, өлкө боюнча бешөөнү ачуу каралууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ